Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунда ири суммадагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Анын маалыматына караганда, аталган мамлекеттик ишкананын кызматкерлери министрге жетекчиси иштебей жатканын айтып арызданышкан.
Мирзахмедов буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун жетекчиси Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынганын жана министрликте 10 кишиден турган топ түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөнүн айтты.
«Алар текшергенде кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Муну Жусабалиев кассадан өзү эле алып койгон болот. Мен ушул 16 миллион боюнча Аскердик прокуратурага «иш козгогула» деп материалдарды өткөрүп бергем. Текшерүү дагы деле уланып жатат. Андан сырткары 37 тонна күйүүчү май, төрт тонна АИ92 үлгүсүндөгү бензин жок болуп чыккан».
Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсовго козголгон кылмыш ишинде аты аталып жаткан Асылбек Жусубалиевдин өзүнөн комментарий алууга азырынча мүмкүн болбой жатат.
Жолборсов «коррупцияга» айыпталып, Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 6-сентябрга чейин камалган. Нурбек Жолборсовдун атасы Жаныбек Жолборсов уулу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборундагы коррупциялык иштер боюнча күбө катары чакыртылып, камакка алынганын, ага Жусубалиевдин көрсөтмөсү негиз болгонун айтты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк жана түштүк борборлору бар. Бул мамлекеттик ишканалар ар кандай тендерлерге катыша алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапшырган жумуштарды аткарат. (EBM)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
Про царя в голове: Гергиев привез в «Большой» «Ивана Сусанина»
Розенбаум проиграл суд из-за неуплаты счетов за энергоснабжение
Сооснователь Evanescence гитарист Бен Муди выпустил ремикс их трека Haunted
«Он приехал за мной в клуб. И всё, с этого момента мы начали жить вместе». Оксана Самойлова рассказала о знакомстве с Джиганом в эфире «Шоу Воли» на ТНТ