Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссияга өзгөчө макам берүү керек экенин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- Бүгүнкү күндө биздин 405 чакырым такталбаган чек арабыз бар. Алар башка картанын негизинде бул жер биздики деп айтып жатат. Кыргызстан башка жылдагы картанын негизинде биздики деп талаш-тартыш болуп келатат. Өкмөт чыр болуп жаткан жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени чыр былтыртан баштап келатат. Акыры ок атышуу менен аяктап жатат. Биздин комиссия начар, оперативдүү иштебегенин мойнубузга алышыбыз керек. Маалыматтар жетишсиз, контраргументтер жок. Парламент жыйынында комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү. Ал агенттик же комитет болобу, азырынча билбейм. Ал чек ара маселеси боюнча гана иштеши керек.
Мындан тышкары Төрөбаев коопсуздук жагын эске алып Чек ара кызматын Баткенге көчүрүүнү дагы сунуш кылды.
Ушул тапта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Талкуу жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тийиштүү мекеме жетекчилери чакырылган.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.
Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.
Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажик тарап талаштуу жердеги курулушун токтотуп, демонтаж кылууга макул болгон. Чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин чыгаруу макулдашылган. (КЕ)
'I absolutely suck at video games': Hidetaka Miyazaki discusses how he prepped for Elden Ring: Shadow of the Erdtree
All Destiny 2 Prismatic fragment locations
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland