Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев №1 тергөө абагында, мурда соттолбогон жана оор кылмыш кылбагандар менен отурат. Анын өмүрүнө коркунуч жок экенин маалымдашты. Бирок, ал канча киши менен бирге кармалып турганы айтылган жок.
Буга чейин жактоочу Жоошев, Сагымбаевге кысым көрсөтүү үчүн №1 тергөө абагына камап жатат деп бийликти айыптаган. 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган. Сагымбаев 24-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасында сурак бергенден кийин эки суткага камалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.
УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.
Адвокаттын айтымында, Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.
Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат. Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган. (TSh)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
«Он карабкался за каждую ниточку»: подросток выпал из окна больницы в Москве и погиб
«Я ВАС СПРАШИВАЮ, КТО ВЕРБОВАЛ ВАЗ, ЗЕЛЕНСКОГО?!» Записки Мессии по технике безопасности.
Юные таланты под эгидой Фонда Спивакова дали концерт в «Михайловском»
The original Counter-Strike mod is 25 years old, Valve calls it 'the greatest videogame ever made'
Гайд и тактика по подземелью «Лагерь Карлиан» в Tarisland
There is an early power up in Elden Ring: Shadow of the Erdtree that basically turns the game into Sekiro, but the description is so vague I didn't realize how good it was until 40 hours later
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
Объявлены итоги XIII конкурса «Вместе в цифровое будущее»: лидируют темы ИИ, кибербезопасности граждан и цифровизации отраслей народного хозяйства
Новый релиз DomNi & GOR - Прости или отпусти
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве