Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат.
Ишембиде Ош шаарында Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, "Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?" деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.
"Азаттыктын" журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.
28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келишкен. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.
Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап дагы арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок.
Шаардык милициянын "Фейсбук" баракчасына чыккан маалыматта Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну А. уулу О. "короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирип", арыз менен кайрылганы айтылат.
Дрондун пультун кол салгандар тартып алышканда ал дайынсыз жоголгон.
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
Вратарь «Композита» об игре на Сахалине в 4 утра по Москве: «Как выползли из самолета – поняли, что нас ждет. Из аэропорта – сразу на стадион, когда горели 0:3, осознал – сил нет. Хорошо, никто не уснул, ха-ха»
Курсанты Пермского военного института Росгвардии приняли участие в межведомственной олимпиаде по дрессировке служебных собак
Контрольный матч. "Спартак" обыграл "Торпедо".
Подведены Итоги Национальной Премии «Спорт и Россия - 2024»