Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Түркияда чечен оппозициясына кол салууну көздөгөндөр кармалды

0
Түрк бийлиги «аскердик жана саясий тыңчылыкка» айыптап төрт орусиялык, бир украиналык жана бир өзбекстандык жаранды кармады.


Башкы прокуратура 20-октябрда билдиргендей, алар чечен оппозициясынын Түркияда жашаган активисттерине кол салууну көздөшкөн. Кармоо операциялары 8-октябрда Анталия жана Стамбул шаарларында жүргүзүлгөн.


Кармалгандар ошондой эле Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун Түркиядагы сынчыларынын көзүн тазалоо үчүн атайын курал сатып алган деп шектелип жатышат.


Эгер алардын күнөөлөрү далилденсе, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Орусиянын расмий бийлиги окуя тууралуу комментарий бере элек.


Соңку жылдары Рамзан Кадыровдун чет жактарда жашаган сынчыларына жасалган бир нече кол салуу катталган.


Укук коргоо уюмдары Кадыровду аймактагы адам укуктарынын одоно   бузулушуна айыптап келишет. Ал бардык дооматтарды четке кагып жүрөт.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса