Президент Садыр Жапаров 5-март, Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда бул дата өлкө үчүн маанилүү, өзгөчө экенин белгиледи.
"Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн! Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө жана өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ал улуттун өзгөчөлүгүнүн таасын көрсөткүчү катары өткөндүн маданий жана руханий мурастарын сактоого жардам берет",-деп жазылган куттуктоодо.
Садыр Жапаров ошондой эле бул датага байланыштуу кол өнөрчүлөргө ыраазычылык билдирген. Анда "алардын колунан чыккан салттуу кийимдерибиз улуттун улуулугун дүйнө жүзүнө таанытып, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздын даңазаланышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт",-деп белгиленген.
Ак калпак күнү өлкөдө 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.
Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Студенты Академии Игоря Крутого раскрыли свои таланты
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
Мужчина зарезал обидчика в лесопарковой зоне на востоке Москвы
В Евпатории появится уютный жилой квартал "Кубики"
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью
Гинеколог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Сураё Назарова: как выявить проблемы на ранних стадиях
Клиника «Евроонко» в Нижнем Новгороде начинает регулярный прием пациентов