ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева каза болду
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы, журналист Элеонора Шаршеналиева 25-мартта мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Элеонора Шаршеналиева 1973-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Билими жогору, 2006-жылы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган. Журналистикадагы эмгек жолун студент кезинде "Заман Кыргызстан", "Дил" гезиттеринде, "Кабар" маалымат агенттигинде кабарчылыктан баштаган. 2006-жылы... Читать дальше...