Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 31.03.2023

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Маалыматта бул саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү экени белгиленген. "Мындан тышкары, ишкана дары-дармектерди жана субстанцияларды чыгаруучу... Читать дальше...

Германиядан депортацияланган тажик оппозиционердин уулу жети жылга кесилди

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германиядан мекенине депортацияланган Абдулло Шамсиддин жети жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Тажик бийлиги оппозиционер Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддиндин соту тууралуу маалымат берген жок. Бирок HRW оппозициячынын уулу “Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталганын белгилейт. Мурдарак тажик оппозициясы менен кызматташкан басылмалар Абдулло Шамсиддин жети жылга соттолгонун кабарлашкан. Читать дальше...

Израилдин Сириядагы аба соккуларынан ирандык офицер набыт болду

Azattyk.org 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу 31-мартта Израилдин Сириядагы чабуулунан офицерлеринин бири набыт болгонун билдирди. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да ушундай маалымат таратып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бир мүчөсү Израилдин аба соккусунан каза болгонун жарыялады. Дамасктын чет жакасындагы соккуда мүрт кеткен офицердин аты-жөнү Милад Хейдари экени айтылууда. Бул эки күн ичиндеги Израилдин Сириядагы экинчи чабуулу болду. Адатта Сириядагы соккулар тууралуу комментарий бербейт. Читать дальше...

Казакстанда "Элдик кеңеш" түзгөндөрдү текшерүү башталды

Azattyk.org 

Казакстанда Петропавл шаары менен Түндүк Казакстан облусунун "элдик кеңеши түзүлгөнү" тууралуу видео тарагандан кийин текшерүү иштери башталды. Интернетке жарыяланган видеодо өзүдөрүн "Петропавл шаарынын эмгекчил жашоочулары" деп тааныштырган топ "башкаруу системасын түзгөндөргө жана аларга кызмат кылып жаткандарга ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн" билдиришкен. Топтун мүчөлөрү буга "Казакстан Республикасы деген корпорациянын укуктук негиздери жалган" экени себеп болгонун айтышкан. "Биз – эл, өзүбүздүн... Читать дальше...

НАТО: Түркия Финляндияга "макул" деди

Azattyk.org 

Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин сындап, "чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрүлөрүн" эскертти. АКШнын тарыхында биринчи жолу экс-президентке кылмыш иши ачылууда. Түркиянын парламенти Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришин бир добуштан колдоду.

Тогуз жолдун томунда кыйылган өмүр

Azattyk.org 

Соңку күндөрү Кыргызстанда катуу баракан автоунаа көчөдө жөө бараткандарды коюп кеткен бир нече каргашалуу окуя болду. Мындан улам жолдо жүрүүнүн коопсуздугу чоң баш ооруга айланды. “Азаттык+” дал ушу маселеге кайрылды.

Бишкектеги "Алькони" заводундагы өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкектеги жарым фабрикат тамак чыгаруучу "Алькони" заводундагы өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, имараттын болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды. Өрт 31-мартка караган түнү, саат 03:10до чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.  Кырсык болгон жерге беш өрт өчүрүүчү бөлүк тартылып, жыйынтыгында өрт саат 6:00го чукул чектөөгө алынган. Читать дальше...

Чаектеги 10 балалуу энеге берилген убада кана?

Azattyk.org 

"Азаттык" былтыр март айында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну он балалуу Асел Сатарованын түйшүгү тууралуу видео тарткан. Ал окуядан кийин баатыр энеге кол сунгандар болуп, демөөрчүлөр үй салып бермей болушкан. Бир жыл өткөндөн кийин Сатарованын үйүнө барып кабар алдык.



Ак-Ордодогу жер чыры: камалгандар, кылмышуу топтун тиешеси

Azattyk.org 

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелеринин мыйзамсыз берилишине шек саналып кармалган жергиликтүү бийликтин төрт кызматкери жана бул ишке тиешеси бар дагы бир адам эки айга камалды. Жер берүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу буга чейин “Кадастрдын” Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да камакка алынган. Жер чыры каматкан чиновниктер Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары Бахридин Азизов, башкармалыктын адиси Төрөкул Солтобаев... Читать дальше...

Кусеин Исаев - кыргыз социологиясынын атасы, мекенчил мударис эле

Azattyk.org 

Кыргызстандын билим берүү тармагы, илими, жалпы эле маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, профессор, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билимге эмгек сиңирген кызматкери Кусеин Исаев 86 жашында дүйнө салды. “Согуштун баласы эле” Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Кусеин төрт жашта болчу. Эсине кирип келе жатканда согуштун каары эмне экенин билип чоңойду. Читать дальше...

Дональд Трампка прокуратура айып такты

Azattyk.org 

Манхэттендеги Чоң жюри АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып тагуу чечимин колдоду. Муну менен ал кылмыш иш ачылып жаткан алгачкы экс-президент болуп калды. Трамп айыптарды четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады жана 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпай турганын билдирди. Арачылар сотунун коллегиясы же Чоң жюринин чечими тууралуу кабарды адегенде америкалык гезиттер таратып, бир нече сааттан кийин аймактык прокурор Элвин Брэггдин кеңсеси маалыматты бышыктады. Январь... Читать дальше...

Акыйкатчы өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскертти

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жашы жете электерге карата зомбулук фактылары боюнча кайрылуу жасады. Анда ал балдарга зомбулук көрсөтүү эң коркунучтуу көйгөйлөрдүн бири экенин, дүйнө жүзүндө бул оор кылмыш деп саналарын эскерткен. "Балдарга зомбулук көрсөтүү алардын физикалык, психологиялык, социалдык, сексуалдык жетилишине коркунуч туудурган эң коркунучтуу көйгөйлөрдүн бири. Бул баланын кийинки жашоосуна дагы терс таасирин тийгизет. Дүйнө жүзүндө балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү - ырайымсыз мамиленин бири түрү катары каралат. Читать дальше...

Милянфанда жерге байланыштуу коррупциялык схемалар аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагында жер маселелери боюнча коррупциялык схемалар аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, аталган айыл аймагынын кызмат адамдары расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүүгө жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка (ойдон чыгарылган-ред.) 1 гектар жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берген деп шек саналууда. Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүп берилди. Читать дальше...

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 31-марттагы жарлыгы менен Мураталы Тагаев борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев 28-мартта мэрдин жарлыгы менен "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" кызматтан алынган. Анын кайсы кызматка барганы маалымдалган эмес. Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда аким болуп бир жыл иштеген. Былтыр 13-мартта дайындалган бул кызматынан... Читать дальше...

Бишкек милициясы соңку маалда өспүрүмдөр зордукталган учурлар көбөйгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаев өспүрүмдөр зордукталган учурлар акыркы күндөрү көп катталып жатканын маалымдады. Бул тууралуу ал басма сөз кызматы өткөргөн түз эфирде айтты. "Тилекке каршы, жашы жете электер арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар болууда. Биз жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер менен мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Бирок баары бир мындай окуялар катталууда. Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар ушундай кырдаалга учурап калып жатат. Читать дальше...

Мударис Кусеин Исаев 86 жашында дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстан социологдор коомунун төрагасы, Евразия социология биримдигинин теңтөрагасы, мударис Кусеин Исаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Орто мектептен кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Аталган университетте, кийинчерээк Бишкек гуманитардык университетинде мугалим болуп иштеген. Кусейин Исаев Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору... Читать дальше...

1-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

1-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

Баткен менен Сохтун чегиндеги Өзбекстандын чек ара кезмети алынды

Azattyk.org 

30-мартта Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун акимдери жолугушуп, чектеш жайгашкан аймакка тиешелүү маселелерди сүйлөштү. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахор Саидмусаев жетектеген өкүлдөрдүн сүйлөшүүсү чек ара тилкесинде болгон. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Баткен районунун Сай айылындагы Варган тилкесинен Өзбекстандын чек арачыларынын кезмети алынды. Аймакка жалпысынан Кыргызстандын... Читать дальше...

Бердымухамедовдун урматына курула турган шаарга 5 млрд. доллар жумшайт

Azattyk.org 

Түркмөнстан Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар коротот. Бул тууралуу 29-мартта “Франция 24” телеканалы түркмөн аткаминерлерине таянып билдирди. "Шаар куруунун биринчи айлампасында 3,3 млрд. доллар, экинчисинде дагы 1,5 млрд. доллар керек", - деди курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дерягелди Оразов. Дүйнөлүк банктын маалыматында Түркмөнстандын ички дүң өнүмү 45 млрд. долларга жетет. Аркадаг шаарынын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10% түзөт. Читать дальше...

Новости России
Москва

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Автоунаалардын кармалышы боюнча кыргыз-беларус бажычылары сүйлөштү

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен телефондон сүйлөштү. Алар Кыргызстанга ташылган автоунаалардын беларус бажысында кармалып турушуна байланыштуу маселени чечүүнү талкуулашты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлады. Маалыматка караганда, "тараптар топтолгон автотранспортторду өткөрүүнү тездетүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишкен". Мунун алдында бажы кызматынын башчысынын... Читать дальше...

Мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,6 млн. сом сарпталат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүү үчүн сарпталуучу каражаттын сметасын бекитти. Ага ылайык, жалпы 18,6 млн. сомдун ичинен 13,2 млн. сом Боршайкомдун чыгашасы, 5,4 млн. сом аймактык шайлоо комиссияларына берилет деп кабарланды. Бул акчадан 96 техникалык кызматкердин эмгек акысы төлөнөт. БШК 31-марттан тартып шайлоодо үгүт иштерин чагылдыруучу маалымат каражаттарынан аккредитациядан... Читать дальше...

Кытайга электр энергиясын экспорттоо меморандуму түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлашынча, эки өлкө ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуй жолугуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Эки өлкө расмийлери Шинжаң автономиялуу району менен ишкерлер кеңешин, Шинжаң менен Ысык-Көл облусу ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү келишимдерине кол коюшту. Читать дальше...

Жалал-Абадда жер көчкү кооптуулугу бар 541 тилке айылдарга чукул жайгашкан

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда жер көчкү кооптуулугу бар 541 тилке айылдарга чукул жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) чукул кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Тойчубек Изабеков "Азаттыкка" билдирди Анын маалыматына караганда, жалпы облус боюнча 1077 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат. Жарака пайда болгон 1020 аймак жергиликтүү жашоочуларга, инфраструктураларга, жолдорго, электр зымдарына кооптуу. Облуста эң чоң жер көчкү коркунучунда... Читать дальше...

АКШ журналист Эван Гершковичтин Орусияда камалышын айыптады

Azattyk.org 

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда америкалык журналист, The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершковичтин камалышын айыптады. “Орус бийлигинин америкалык жарандарды куугунтуктаганы ыксыз көрүнүш”, – деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалык жарандарды Орусиядан чыгып кетүүгө үндөдү. Ак үйдүн билдирүүсүндө америкалыктар Орусияга барбашы керектиги айтылат. Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист Гершкович 29-мартта Екатеринбургда кармалган. Читать дальше...

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондуна 10 жыл толду

Azattyk.org 

31-мартта Бишкекте “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун он жылдык мааракеси белгиленди. Фонддун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаеванын айтымында, бул жылдар аралыгында адамды өнүктүрүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүү, маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашыруу, балдарга билим берүү, маданият, адабият багытында көптөгөн ири жана маанилүү иштер аткарылды. Фонддун демилгелери жана долбоорлору кенже курактагы наристелерден тарта мектеп окуучуларын... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки






92-летний красногорец стал участником марафона скандинавской ходьбы

Юные зубцовские футболисты победили в финале турнира «Будущее зависит от тебя» в Сочи

Юные подмосковные и зубцовские футболисты победили в финале турнира «Будущее зависит от тебя» в Сочи

Российско-китайские деловые встречи прошли в Доме Нижегородской области в столице