Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, милиция кызматкерлери массаж жасаган салондордун ээлеринен ай сайын “калкалоо үчүн” деген шылтоо менен системалуу түрдө опузалап акча алып турушкан деп шек саналууда. "Акынын" баасы 500дөн 1000 долларга чейин болгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалды.
"Шектүүлөр өзүнүн кызмат абалынан колдонуп, иштеп турган бизнести мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон. Салон ээлери баш тарткан учурда түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алууга чейинки кесепети болушу мүмкүн деп коркутушкан. Акчаны бул кызматкерлер ар кандай ыкмалар менен алышкан", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азырынча Ички иштер министрлиги бул окуяга комментарий бере элек.
УКМК Биринчи Май райондук милиция кызматкерлеринен жапа чеккендерди кайрылууга чакырып, маалыматтардын купуялуулугуна кепилдикти камсыздайт.
Былтыр 24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен 10 кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Көп өтпөй үч милиция кызматкери бошотулган. (КЕ)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя
Три спектакля о любви, которые можно посмотреть этим летом
Те самые русские с флагами на матче-открытия Евро — мы их нашли! Как попали на стадион и как реагируют вокруг?
Более 500 спортсменов поучаствовали в фестивале «Спорт для всех» в Мытищах
«Волшебные башмачки Элли» - эта постановка создана по мотивам знаменитой сказки
Александра Волкова «Волшебник Изумрудного
города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети
Сказка Ульгэра «Волшебные башмачки Элли» по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети