Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Стратегиялык координациялык комитетинин биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.
Жыйында узак талкуудан кийин 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарынын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.
Эки жылга карата биргелешкен иш пландарды ишке ашыруу 223 млн. долларга бааланды. Анын ичинен 140 миллион долларды БУУ бөлүп берген. Программанын алкагында төрт маанилүү стратегиялык багытта кызматташуу болот. Алар сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү, жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү, климаттык аракеттер жана кырсык тобокелдиктерин башкаруу, 2030-жылга чейинки күн тартибине ылайык мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, гендердик теңчилик жана ак ниет башкаруу багыттары.
Биргелешкен иш пландардын долбоорлору талкууланган жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан БУУнун тутумунун өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана аны менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Өз кезегинде БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Греве кызматташтыктын жаңы алкагы БУУну реформалоо процессиндеги маанилүү кадам болуп санала турганын, анда улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине жетишүү үчүн кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен өнөктөштүккө өзгөчө басым жасалаарын белгиледи. (ErN)
«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России
Волжский нарцисс - Плес
Дело об избиении в Московской области азербайджанцем молотком участника СВО расследуют повторно
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Дайджест новостей «Грузовичкоф» за май
Количество «брака» в биомедицинских работах увеличилось в четыре раза за 20 лет
Рассказ про зятя. Хоть и не про котиков, но тож смешной
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
Головная боль и галлюцинации: как защитить организм во время сильной жары
Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг