Жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты
Жарандык активист Афтандил Жоробеков 26-мартта милицияга күбө катарысурак берип чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал эч кандай маалымат бербөө тууралуу тил кат жазганын айтып, кайсы ишке байланыштуу күбө катары өтүп жатканы тууралуу маалымат айткан жок.
Ишемби күнү Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына Октябрь райондук милициясынан келген чакырууну жайгаштырган. Анда ал 26-мартта суракка күбө катары келиши керектиги жазылган. Активист постунда суракка чакырууга социалдык медиадагы посттору себеп болушу мүмкүн деген пикирин жазган.
Милиция сурак тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Афтандил Жоробеков - жарандык активист, "БеспределKG" баракчасынын модератору. Аны 2019-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камакка алган.
Атайын кызмат ага "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон.
Жоробеков модераторлук кылган "БеспределKG" баракчасына ошол кезде Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.
Активистти камакка алган чечим жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары аны эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Ошол жылы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон. 2020-жылы май айында ага карата козголгон кылмыш иши Жазык-процессуалдык кодекстин "Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар" деген беренесинин негизинде токтотулган.
2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбосун айткан. Бирок соңку бир-эки жылда блогерлер, жарандык активисттер суракка чакыртылып же камакка алынган бир нече учур катталды.
Бийликтин соңку кадамдарын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып келе жатышат. Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет. (ZKo)