Өзбекстандыr жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган.
Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМК 29-мартта Ош облусунун аймагынан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган. Ага ылайык, шектүү Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүк боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө аракет кылган.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.
2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү. (ZKo)
Первый Международный фестиваль «Мир классического романса»
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
Россиянам предложили премиальные туры сразу в 2 страны: рейсы начнутся из 8 российских городов
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
LG ДЕМОНСТРИРУЕТ ПРОФЕССИОНАЛЬНЫЕ ДИСПЛЕИ С УЛУЧШЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ИСКУССТВЕННОГО ИНТЕЛЛЕКТА НА ВЫСТАВКЕ INFOCOMM 2024
Кинопродюсер.
Почти 40 пар поучаствовали в турнире по конкуру на Кубок Гагарина в Щелкове
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.