Казакстанда Петропавл шаары менен Түндүк Казакстан облусунун "элдик кеңеши түзүлгөнү" тууралуу видео тарагандан кийин текшерүү иштери башталды.
Интернетке жарыяланган видеодо өзүдөрүн "Петропавл шаарынын эмгекчил жашоочулары" деп тааныштырган топ "башкаруу системасын түзгөндөргө жана аларга кызмат кылып жаткандарга ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн" билдиришкен. Топтун мүчөлөрү буга "Казакстан Республикасы деген корпорациянын укуктук негиздери жалган" экени себеп болгонун айтышкан.
"Биз – эл, өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды жана эгемендигибизди жарыялайбыз", – деп билдиришкен топтун мүчөлөрү.
Мындан тышкары, өздөрүн Элдик кеңеш деп атаган топ "Эгемен Казак ССРинин аймактык бүтүндүгүнүн туруктуулугу жөнүндө" айтышкан.
Топтун Инстаграмдагы баракчасына 19-мартта "Петропавл шаарынын элдик кеңешин кайра түзүүгө арналган эмгекчилердин жыйыны" өткөнү тууралуу маалымат жарыяланган. Анда жыйындын жүрүшүндө төрага шайланып, декларация, долбоордун уставы, эн белгиси менен мөөрү бекитилип, чечим протокол менен документтештирилгени жазылган.
"Элдик кеңеш" тууралуу маалымат өлкөдө парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына карата нааразы пикирлер айтылып, тынч митингге чыгууга чакырыктар жасалып жаткан маалда тарады. Айрым соцтүйүн колдонуучулары бул топтун аракетин сепаратизмге үндөө катары мүнөздөп жатышат.
Топтун мүчөлөрү Казакстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу тууралуу билдирүүлөрдү төгүндөп, башка өлкөлөрдүн тыюу салынган уюмдары менен эч кандай байланыштары жок экенин билдирүүдө.
Түндүк Казакстан облустук полиция департаменти бул видео боюнча текшерүү иштери башталганын маалымдады.
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье
Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи