Ички иштер министрлигинин (ИИМ) академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан шектүүнүн таанышы камакка алынганын бүгүн 19-майда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал киши шектүүгө каршы көрсөтмө берген күбө кызды коркутуп, көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга, тергөөгө жалган маалымат берүүгө мажбурлаган жана бул талабын аткарбаса күч колдонорун, аны каралаган маалыматтарды Интернетке жарыялай турганын айтып, коркутуп-үркүткөн.
Бул адам, башкы көзөмөл мекемеси билдиргендей, вебкам студия иштетери да аныкталды.
Айза Улан кызы быйыл 9-январда Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде баратканда аны машине коюп кетип, каза болгон. Кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалган киши кийин үй камагына чыгарылган. Аны бошоткон судья “камакта кармоого жол берилбей турган оор илдеттери” бар экенин билдирген.
Кийин ал адам милициянын мурдагы кызматкери экени, бирок кырсык учурда ошол автоунаада болбогону, уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталган. Прокуратура чыныгы шектүүнүн атасы өзүнүн оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан, камакка алынбашын билгендиктен уулунун бул кылмышка тиешеси бар экенин жашырып, жалган көрсөтмө бергенин маалымдаган.
Чыныгы шектүү өткөн аптада кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 13-майдагы чечими менен эки айга камакка алынган.
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Якубовский Валерий Иванович
Концерты в рамках проекта «Музыка на крыше» пройдут на ВДНХ в июне
Загрутдинов: ЖК с подземной автостоянкой построят в следующем году в Конькове
Пробоина возникла в корпусе теплохода на Волге в Нижегородской области
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде