Ринат Урматбек уулу кудо боюнча уландар арасында Дүйнө чемпиону болду
Кудо боюнча уландар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу алтын жана коло медалдарды утушту.
Спорттун аталган түрү боюнча федерациянын президенти Валерий Кимдин "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, мелдеш 13-14-майда Жапониянын Токио шаарында өтүп, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышкан. Таймаштар бир нече жаш курактагы уландар, кыздар жана чоңдор арасында болгон.
19 жашка чейинкилер арасында (U-19) Ринат Урматбек уулу 250 бирдик категориясында (спортчунун бою менен салмагы кошулуп эсептелет) үч атаандашын утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал финалда жапониялык Жойчиро Акацуканы жеңип, алтын медал тагынды. Ушул куракта Нурсултан Батырбеков 240 бирдик категориясында үч беттеш өткөрүп, коло медалга ээ болгон. Мелдешке Кыргызстандан төрт спортчу катышты. Жогоруда аты аталган спортчулардан сырткары 16 жашка чейинки кыздар арасында Ангелина Ким 63 кг. салмакта 4-орунду, чоңдор арасында Наталья Аблова (+230 бирдик) 6-орунду ээлеген.
"2014-жылдан бери кыргызстандык спортчулар кудо боюнча дүйнө чемпионатынан байге ала элек болчу. Ал жылы Эламан Кенжебаев уландар арасында (U-19) күмүш медал тагынган. Быйыл ушул эле куракта бир алтын, бир коло медал уттук. Дүйнө чемпионатына катышкан бардык спортчулар Бишкектин Ленин районундагы Балдардын чыгармачылык борборунун шакирттери. Аталган борбордо иштеген машыктыруучу Илья Хегай жана кесиптештердин колдоосу менен ушундай ийгиликке жеттик. Акча каражатынын тартыштыгынан дагы көп, мыкты спортчуларыбыз барбай калышты. Балким, алар барса чоңдор арасында да байгелерди алмакпыз",-деди Валерий Ким.
Анын айтымында, спортчулар, федерация өкүлдөрү чогулткан, карыздап алган акча менен гана чакан курам болуп барышкан. Азырынча аталган федерация мамлекет тарабынан каржыланбайт. Себеби, талап боюнча бул спорт менен алектенгендер өлкөнүн бардык аймактарында болушу керек. Кудо боюнча машыгуу залдары Талас жана Баткен облусунан сырткары беш облуста гана бар. Кудо федерациясы 2014-жылы түзүлүп, 2015-жылы дене тарбия жана спорт агенттигинен каттоодон өткөн.
Кудо - жеке таймаштын бир түрү. Бул спорт 1981-жылы чыгыштын жеке таймаштары боюнча чебери Адзума Такаси тарабынан Жапонияда негизделген. Курамына карате, дзюдо, тайбоксу өңдүү бир нече спорттун, жоокердик өнөрлөрдүн элементтери камтылган. Кудо боюнча дүйнө чемпионаты быйыл уландар арасында 3-жолу, чоңдор арасында 6-жолу өттү. Мелдеш төрт жылда бир өтөт. (ECh)