Түркиядагы президенттик шайлоо: тараза ташы кимге оойт?
![Түркиядагы президенттик шайлоо: тараза ташы кимге оойт?](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8e30-08db544b4105_w800_h450.jpg)
Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды. 28-майдагы шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышат. Баштапкы сурамжылоолордун көбүндө Эрдоган бир нече пайыз алдыга чыккан.
Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. Шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө башталып, кечки саат 17.00дө аяктайт.
Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берери күтүлүп жатат.
Эрдоган-Кылычдароглунун жарышы Түркиянын тарыхында экинчи айлампага калган алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейин өлкө президенттери биринчи айлампада эле шайланып келген.
Шайлоо күнү Түркиянын бардык аймактарында эртең мененки саат 6дан 24.00гө чейин алкоголдук ичимдиктер сатылбайт, коомдук жайларда алкоголду берүүгө жана ичүүгө тыюу салынат. Добуш берүү жараяны толук бүтмөйүнчө, оюн-зоок жайлары жабык бойдон турат. Ресторан, кафелерде гана тамактанууга уруксат берилет.
Той-топурларды кечки саат 18.00дөн кийин атайын эрежелерди сактоо менен гана өткөрүүгө мүмкүн болот.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоо күнү өлкө боюнча коопсуздукту жана тартипти 600 миңден ашык кызматкер камсыздайт.
20-24-майга чейин 73 өлкөдө ачылган 167 шайлоо тилкесинде 1,9 миллион түркиялык добуш берген. Шайлоонун биринчи айлампасында Эрдоган чет өлкөдө жашаган түркиялыктардын 57,70% добушун алган. Ал эми Кылычдароглуна 39,68% шайлоочу добуш берген.
Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган. 14-майда биринчи айлампадагы шайлоодо алардын 1 579 шайлоого катышкан. Кыргызстандагы түрк жарандарынын 65,36% Эрдоганды шайлаган.
Түркиянын чыгышында Иран менен чектеш Ван дубанына 1982-жылы келип жайгашып калган кыргыздардын айылы Улуу Памирде да шайлоо тилкеси ачылат. Бул тилкеде 1200 жаран катталганын, бирок 200 киши айыл сакчылары болгондуктан, кызмат өтөрүн, калган 1000 кыргыз добуш берерин шайлоо комиссиянын мүчөсү Женгиз Тач "Азаттыкка" билдирди. Биринчи айлампада Улуу-Памирден Эрдоган озуп чыккан.
Жалпысынан биринчи айлампада Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, оппоненти Кылычдароглу добуштардын 44,88% алган.
Ал эми шайлоодо 5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын бул ирет Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырган.
Биринчи айлампага түркиялык шайлоочулардын 88,92 % катышканы расмий кабарланган. Түркиянын тарыхында шайлоочулар 1987-жылы парламенттик шайлоого жигердүү катышкан. Анда шайлоочулардын 93,38% добуш берген.
Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет.