№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, баштапкы жыйынтык боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты ал өзү журналисттерге ырастады.
Бир катар медиалар чыгарган видеодо көрүнүп тургандай, тинтүү иштерин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү жүргүзүп жатат.
Өзүн Максат Сагындыков деп тааныштырган тергөөчү тинтүү козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жатканын түшүндүргөн. Ниязалиева өзү милиция көрсөткөн токтомду окуганда, иш интернетте тараган аудиого байланыштуу экенин түшүнүүгө болот.
Мунун алдында интернетте Дамира Ниязалиеванын добушуна окшош адамдын анын шайлоо штабынын кызматкери деп тааныштырылган адам менен сүйлөшүүсү тараган. Анда эки киши шайлоого кишилерди ташып келүү, аларга акча каражаттарын берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева өзү бул видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Кактус Медиа” басылмасына курган маегинде билдирди.
БШКнын маалымдашынча, 28-майдагы добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага шайлоого келгендердин 35%, же болбосо 6 242синин добушун алган.
Азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.
Дамира Ниязалиева Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу айыптоолорго жооп берип, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" катары сыпаттаган. Бирок ал эч кимдин атын атаган эмес. (ErN)
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Студенты Академии Игоря Крутого раскрыли свои таланты
Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Гинеколог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Сураё Назарова: как выявить проблемы на ранних стадиях
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью
"Обещали кругленькую сумму": две медсестры могут попасть в колонию из-за одной надписи у Кремля