Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюму (OPCW) дүйнөдөгү мындай куралдын ачык айтылган бардык запасы жок кылынганын билдирди. Ага ылайык, акыркы курал 7-июлда Кошмо Штаттарында зыянсыздандырылды. Уюмдун башкы директору Фернандо Ариас бул окуяны “химиялык куралды толугу менен жок кылуудагы негизги кадам” катары сыпаттады.
Расмий маалыматка ылайык, 193 мамлекет кол койгон, 1997-жылы химиялык курал тууралуу конвенция күчүнө киргенден бери жалпысынан дүйнөдө 72 миң тонна химиялык курал жок кылынган.
АКШнын президенти Жо Байден бул конвенцияга кирбеген Египет, Түштүк Судан жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдү документти колдоого чакырды. Ал Орусия менен Сирияны конвенциянын шарттарын сактоого чакырды. Аталган эки өлкө тең химиялык курал колдонгону тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
Москва 2017-жылы химиялык куралдын болгон запасы жок кылынганын билдирген.
Соңку 20 жылда Орусиянын ичинде жана башка мамлекеттерде бир катар диссиденттер, мурдагы чалгын кызматкерлери жана оппозиция өкүлдөрү ууландырылган. Кремль мындай күмөндүү ууландырууларга катышын четке кагып келет. Учурда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчылар Алексей Навальный менен Владимир Кара-Мурза дагы ууландырылган.
2018-жылдын март айында Солсбериде жашаган мурдагы орус чалгын офицери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия совет дооруна таандык, нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылган. Дарыгерлер Скрипалдарды өлүмдөн сактап калган, "Новичок" заты куюлган атырдын бөтөлкөсү кокустан колуна тийген британиялык аял көз жумган.
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге