Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Тарыхтагы эң ысык июль: Глобалдык аптаптын Ала-Тоодогу илеби

0
Тарыхтагы эң ысык июль: Глобалдык аптаптын Ала-Тоодогу илеби

Окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылгандай, 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болду. Быйыл Кыргызстанда дагы күн адаттан тыш ​ысып, айрым жерлерде сугат суу маселеси жаралды.

"Глобалдык ысыктан глобалдык кайноого"

27-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш “Дүйнөдө глобалдык жылуунун доору аяктап, глобалдык кайноо доору башталганын” жар салды. Ал бул сөзүн Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа комиссиясынын Copernicus кызматы 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болуп каларын билдиришкенден кийин айтты.

 

Гуттерриш "климаттын өзгөрүшү менен күрөшүп, глобалдык аба температурасынын 1,5°C градуска көтөрүлүшүнө жеткирбөөгө азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин" айтып, дүйнө лидерлерин кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.

Ушул тапта ысыктан улам бир катар өлкөлөрдө токойлорду өрт каптап, адам өмүрлөрү кыйылган учурлар катталууда. Антарктиданын муз аянты быйыл болуп көрбөгөндөй кыскарып, тарыхый эң аз чекке жеткени белгилүү болду. Адистер акыркы 5500 жылда Антарктикада мөңгүлөр мынчалык тез эриген учур боло электигин белгилешет.

“Жылуу сызыгы” деп аталган бул сүрөттө ХХ кылымдан бери Жер бетинин температурасы кандай өзгөргөнүн көрүүгө болот. Жыл сайын жердин орточо температурасын бир түс менен белгилеп, визуалдаштыруу идеясы Рединг университетинин климатологу Эд Хокинске таандык. Мында кызыл түстөр менен аба температурасы жогору болгон, ал эми көк түстөр менен төмөн болгон жылдар көрсөтүлгөн.

Глобалдык жылуу процессин электр энергиясын өндүрүүнүн же башка өндүрүш иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында абага бөлүнүп чыккан уулуу газдар, суунун туура эмес пайдаланылышы, бак-дарактардын, жашыл аймактардын кыскарышы тездетет.

Глобалдык аптаптын Кыргызстандагы эпкини

Дүйнөдө аба температурасынын орточо көрсөткүчү барган сайын жогорулап жатат. Албетте, бул Кыргызстанды да кыйгап өтпөсү анык. Соңку жылдары Кыргызстанда кышкысын кар адаттагыдан аз жаап, ал эми жай айларында кургакчылык, сугат суу көйгөйү жаралып жүрөт. Айрым аймактарда жайкысын ысык аптап адаттан тыш болууда.

Кыргыз гидрометеорологиялык борбору июль айында тропикалык аймактардан келген абанын агымынын эсебинен Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда ысык аба ырайы катталганын билдирди.

Кыргызстанда климат боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн борборлор жок жана бул тармактагы адистердин жетишсиздигинен улам өлкө аймагындагы климатка көп жылдык мониторинг жасоо, климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салуу иштери солгун.

Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова климат олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан чакта мындай борборлор өлкө үчүн маанилүү болмок деп эсептейт.

“Климаттын өзгөрүшүн адаптация кылганга, кандайдыр бир сунуштарды бергенге климат тармагындагы адистер абдан керек. Дыйканчылык кылган фермелерге кээ бир учурда терс таасирин тийгизүүдө. Дыйкандар мурдагы тажрыйбасына таянып эле, үшүк жүргөн убакта эрте эгин эгип алып же туура келбеген түрүн эгип алып жапа чеккен учурлар бар. Кайсы убакта эгиндин же жер-жемиштин кайсы түрүн эгиш керек? Ушул боюнча маалымат бөлүшүп, сунуш берген адис керек. Бул азыр актуалдуу болуп турат”.

Ошентсе да Кыргызстандын климатына чама-чаркынын жетишинче байкоо салып, чакан масштабда изилдөө жүргүзүп жаткандар да жок эмес. Көп учурда климатка байланыштуу маалымат алууда Кыргызстан эл аралык же дүйнөлүк уюмдар жүргүзгөн изилдөөлөргө таянат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин деканы, илимдин доктору Сагынбек Орунбаев студенттери менен биргеликте Кыргызстандын ар аймагындагы климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүп, бул чөлкөмдүн келечектеги климаты боюнча изилдөөлөрдү жасашкан. Анын жыйынтыгына ылайык, кийинки он жылдыкта Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын азыркыдан да катуу ысышы күтүлөт.

“Биз жасаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2030-жылы Борбор Азияда жана Кыргызстанда жылдык температуранын 1,2°C градуска ысышы күтүлүүдө. Бул абдан чоң көрсөткүч. Негизги жылдык өзгөрүү максимум 0,2-0,3°C градусту түзөт. Демек, күтүлүп жаткан көрсөткүч нормадан 5-6 эсе жогору”.

Ал эми экология жаатында көз карандысыз жана бейтарап илимий маалыматтарды жарыялап келе жаткан АКШнын мамлекеттик эмес Berkeley Earth уюму эгер Кыргызстан абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы менен күрөшпөсө, 2100-жылы жылдык орточо температура азыркыдан 5,0°C градуска жогору болорун божомолдойт. Уюмдун изилдөөсүнө ишенсек, ушул тапта ар бир кыргызстандыкка 1,8 тонна көмүр кычкыл газы туура келет.

Бишкектеги ысык аптап

Ал ортодо Бишкек шаарынын тургундары быйыл шаар адаттан тыш ысып жатканын айтышууда. Бул жөнүндө талкууларды социалдык тармактардан күн алыс эмес табууга болот.

“Кыргыз гидромет” борбору абанын температурасы эң жогорку көрсөткүчкө 13-июлда жеткенин билдирди. Ал күнү абанын табы 39,9°C градуска жеткен. 18-26-июль күндөрү дагы абанын температурасы ушул чекке жакындаган. Ал эми Ош шаарында быйыл эң ысык күн катары - 12-июль катталып, ал күнү аба табы 41,5°C градусту түздү.

Бул соңку жылдардагы орточо көрсөткүч. Акыркы он жылды салыштыра турган болсок, Бишкекте эң жогорку көрсөткүч 2015-жылдын 16-июлунда катталып, абанын температурасы 42°C градуска жеткен.

Ал эми метеорологиялык байкоонун тарыхындагы Бишкектеги эң ысык күн 1983-жылдын 30-июлунда катталган. Анда абанын табы 32,8°C градус болгон.

Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова расмий метеорологиялык сандар быйылкы жайдагы аптап соңку жылдардагы июлга мүнөздүү эле экенин көрсөткөнүн айтат.

“Орточо суткалык температура жогору көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Мындай ысык күндөр көпкө кармалып тургандыктан, өтө ысык болгондой сезилип жатат. Бирок абсолюттук рекордду жаңылаган жокпуз”.

Шаар аймагында катталган аба температурасы салыштырмалуу жогору болбогону менен анын ысышына шарт түзгөн башка факторлор бар. Илимдер академиясынын биология институтунун улук илимий кызматкери, биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперт Дмитрий Милько шаар тургундарынын айлана-чөйрөгө карата мамилеси анын ысышына көмөктөшүүдө деген ойдо.

“Азырынча быйылкы жайдагы абанын температурасы көп жылдык орточо нормадан аша элек. Бирок миллиондон ашуун киши жашаган чакан шаарда буга адамдар да өз таасирин тийгизип коет. Ушул тапта шаардын жашыл аймагынын деградациясы байкалууда. Күн энергиясынын массасы менен шаар тургундарынын ортосунда климатты жеңилдетүүчү милдетти аткарган бак-дарактардын саны кескин кыскарууда. Анан да азыр кадам сайын сергитүүчү кондиционерлер кездешет. 100 чарчы метр бөлмөнү муздаткан кондиционер сыртта 500 чарчы метр жерди ошол эле температурада ысытат. Анан эле сырт ысып жатат деп таң калабыз. Биз шаарды өзүбүз ысытып жатпайбызбы. Мындан тышкары, автоунаалардын көптүгү, күн нурун чагылдырган терезелери чоң бийик имараттар шаардын ысуусуна шарт түзөт. Ушул эле себептерден улам, кышкысын дагы шаардын айрым аймактары субтропикалык жерлерди эске салып калды”.

Ушул тапта миллиондон ашуун жашоочусу бар Бишкек шаарында ушул тапта болгону 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар. Бул ар төрт кишиге бир дарак туура келет дегенди билдирет. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызына да жетпейт.

Шаардагы бак-дарактардын абалы жөнүндө бул жерден окуңуз:

Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө кантип такаат берет?

Борбор калаанын жана жалпы өлкөнүн климаттык өзгөрүүгө туруштук бере алышы үчүн адистер жашыл аймактарды көбөйтүп, бак-дарактарга кам көрүүгө, суу ресурстарын туура пайдаланууга чакырышат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин деканы, илимдин доктору Сагынбек Орунбаевдин айтымында, климаттын өзгөрүүсү менен азыртан күрөшүп баштабаса, Борбор Азия чөлкөмү кийинки он жылдыкта табигый кырсыктардын чордонуна айланышы ыктымал.

Орунбаев абалдан чыгуунун негизги жолдорунун бири катары шаарлардагы жана өлкө аймагындагы сууларга, дарыяларга артыкчылык берүүгө чакырат. Адис “суу агып өткөн аймакта биосфералык климат кармалып турарын” белгилейт.

“Шаардагы дарыялар - бул анын артериялары. Бизде шаарды кесип өткөн эки дарыябыз: Ала-Арча менен Аламүдүн бар. Биздин дарыялар кургап жатат. Жазында келген селдин кум-ташы менен таштанды эле бар. Эч кандай артериялык милдетти аткарган жок. Ташкент шаарын алып карайлы. Нарын дарыябыздан кеткен сууну алар иррегациясына, шаарын жашылдандырууга колдонот. Дарыяларында суу толо болуп турганы - сарамжал колдонуунун белгиси. А эмне үчүн биз Бишкектин ичин мындай кыла албайбыз?”

Шаар масштабында чакан дарыялар, ал эми тоолуу өлкө масштабында болсо чакан ГЭСтердин, суу сактагычтардын санын көбөйтүү менен Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө такаат бере алат. Орунбаевдин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө Суу ресурстарын жөндөө (Water Resources Management) тармагы жолго коюлган эмес. Эгер бул тармакка тиешелүү көңүл бурулса, өлкө биосфералык аймакка айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок.

“Суу сактагычтарыбыз көп болсо, алар жай айларында бууланып, көтөрүлүп, кайра бизге түшүп, биосфераны жаратмак. Бул температуранын азайышына алып келмек. Ошол эле учурда мөңгүлөрдүн сакталып калышына да өбөлгө түзмөк. Бул боюнча атайын божомолдорубуз да бар”.

Июнь айында Кыргызстан экологиянын абалы боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээлегени маалым болгон. Йель университетинин алдындагы Экологиялык саясат жана укук борбору (Yale Center for Environmental Law and Policy) жыл сайын дүйнөдөгү экологиясы таза өлкөлөрдүн рейтингин түзөт.

Изилдөөдө өлкөнүн экологиясынын абалы жана 10 категориядагы 22 индикатордун негизинде жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча жетишкендиктер эске алынат. Ага экосистеманын жашоого жөндөмдүүлүгү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климат да кирет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе


Назван российский город, откуда в Турцию срочно увеличивают число рейсов, впервые поставив широкофюзеляжный самолет Airbus 330

Более 340 тыс. кв м асфальта отремонтировали во дворах Подмосковья

Петербургский Пушкинский бал

Где недорого отдохнуть в июле? Россиянам раскрыли все карты по турам за рубеж и по России


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!


Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Молодые специалисты «Газпромнефть - Битумные материалы» продемонстрировали эффективное решение в финале «CASE-IN»

Северные ночи...


MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

Real Commando Shooting 3D 6.0

Моя Говорящая Кошка 3.2

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Брилёв: « Гению Пушкина – 225! И он навсегда - «наше всё»!

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России




MAXIMUM Гриль Фест пройдет в Москве с 21 по 23 июня

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Новые книги получили псковские районные библиотеки


MAXIMUM Гриль Фест пройдет в Москве с 21 по 23 июня

В Киргизии влияние санкций Минфина США против российской банковской системы ощущалось всего один день

Музыка на все времена

Аделина Панина: как распознать и интерпретировать энергетическое поле


Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук


MAXIMUM Гриль Фест пройдет в Москве с 21 по 23 июня

В Киргизии влияние санкций Минфина США против российской банковской системы ощущалось всего один день

В Ясенево врачей поликлиники поздравили с Днем медработника

Воробьев: еще 40 автобусов с USB-розетками выйдут на маршруты в Подмосковье


Музыкальные новости

Проклятье «голой вечеринки» и полицейские проверки: куда пропал рэпер Элджей

«Я в жизни Насти»: Цискаридзе озвучил секрет популярности Волочковой

Певица Ирина Аллегрова выступила на Красной площади в День России

Топ-5 самых обсуждаемых, громких и неожиданных выступлений на VK Fest — Баста, INSTASAMKA, Лолита, Полина Гагарина и Сергей Лазарев



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов


Футболисты «Динамо» в Ставрополе одолели соперников из «Астрахани»

РМК покинул Нагорный Карабах 12 июня - в День России

«Газпром-Медиа Холдинг» при поддержке ПАО «Газпром» организует мультиформатный фестиваль в честь Дня России

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого гражданина в ранее совершенной краже


В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа

Автоинспекторы нашли пистолет с патронами у пассажира такси в центре Москвы

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

Расписание движения пригородных поездов СЗППК изменится с 11 по 12 июня 2024 года


Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!

Путин обсудил с и. о. президента Ирана взаимодействие внутри БРИКС

Путин приехал на Смоленскую площадь для встречи с руководством МИД РФ





Стоматолог Татьяна Сумцова: как стресс влияет на здоровье зубов

В Москве при побеге от родителей невесты молодой человек сломал позвоночник

Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom

Более 100 литров крови сдали ЕР и МГЕР Подмосковья во Всемирный день донора


Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня

США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов 12 июня установил мировой рекорд по чеканке мяча в «Лахта Центре»

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту


За что Лукашенко должен извиняться перед Арменией?

МИД Белоруссии назвал слова Пашиняна о Лукашенко "недальновидной позицией"

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко

Армения выразила протест Минску из-за заявлений МИД Белоруссии



Созданный нейросетью Собянин выманил у заслуженного врача РФ 4 млн рублей

Сергей Собянин. Неделя мэра

Собянин сообщил об открытии «Домиков добра» для сбора гуманитарной помощи

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом


Мособлдума организовала выставку «Экологическое воспитание.Раздельный сбор мусора»

Составлен ТОП-3 регионов-лидеров по числу пунктов приема вторсырья

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

Призыв лидера движения «Всеармянский фронт» оказать помощь пострадавшим после наводнения


В подмосковных лесах выполнены работы по осветлению молодняка

В Ясенево врачей поликлиники поздравили с Днем медработника

LG ДЕМОНСТРИРУЕТ ПРОФЕССИОНАЛЬНЫЕ ДИСПЛЕИ С УЛУЧШЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ИСКУССТВЕННОГО ИНТЕЛЛЕКТА НА ВЫСТАВКЕ INFOCOMM 2024

Вятичи: почему их считают первыми москвичами


Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"

30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»

АО «Транснефть - Север» оказало благотворительную помощь детскому саду в Архангельской области

Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»


В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Севастополь появился на вышитой карте Крыма

В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»


Театр «Модерн» проведет премьерные спектакли под занавес сезона, 25 и 27 июня

Клиентки агентства Maryway рассказали, как их вынудили взять кредиты

Воробьев: еще 40 автобусов с USB-розетками выйдут на маршруты в Подмосковье

В подмосковных лесах выполнены работы по осветлению молодняка












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Соболенко и Димитров вместе потренировались на «Уимблдоне»






Вятичи: почему их считают первыми москвичами

Музыка на все времена

Аделина Панина: как распознать и интерпретировать энергетическое поле

В Киргизии влияние санкций Минфина США против российской банковской системы ощущалось всего один день