Жети айдан бери камакта отурган Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге оогондо, түнкү саат 12ден кийин чыкты.
Өлкөдө көк жөтөл күч алып, ага чалдыккандардын саны соңку төрт айда миңден ашты. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбү эки жашка чейинки балдар.
Куралдуу жаңжалдар күчөгөнү, дүйнө эл аралык укуктун кыйрашына күбө болууда. Эл аралык мунапыс уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасында ушундай бүтүмгө келген. Жаңы документте 155 өлкөдөгү жана аймактагы, анын ичинен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына баа берилет.
Жекшембиде Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарда парламентке кезексиз шайлоо өтөт. Үгүт иштери жыйынтыкталып жаткан маалда, Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнө аралашкан деп мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. Беш талапкер БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.