Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 17.04.2024

Орусияда курулушту таштап, Түркияда киного тартылган мигранттар

Azattyk.org 

Мекениндеги жумушсуздуктан жана жакырчылыктан улам бир миллиондон ашуун тажик жараны чет жактан иш издөөгө аргасыз. Эмгек мигранттарынын басымдуусу Орусияда кара жумушта иштеп жүрөт. Алардан айырмаланып, тажикстандык үч жигит Түркиядагы сериалдарга тартылып, каскадер болуп өз ордун тапты.

Жогорку Кеңештин абалы кандай?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы беш жылдык мөөнөтүнүн жарымынан көбүн басып өттү. Бул маалда парламенттин эркин сынаган бир катар саясий окуялар болуп, талаштуу мыйзамдар кабыл алынды. Ал окуяларда парламент пассивдүү болуп, көпчүлүк учурда аткаруу бийлигинин көзүн карап калды деген сынга кабылды. Кыргызстанда президенттик системада парламент мыйзам чыгаруу функциясын аткарып жатканын белгилегендер бар. Бир учурда парламентаризмди курууга аракет кылган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө Кыргызстандын азыркы Жогорку Кеңеши кандай абалда? Читать дальше...



Зеленский: "Бизде ракета түгөндү"

Azattyk.org 

Орусия бир нече жумадан бери артиллериялык, ракеталык, дрон чабуулдарын күчөттү. Киев абадан коргонуу системасы үчүн курал-жарак, ок дары түгөнүп баратканын кайталап, АКШдан жардам пакетин тезинен бекитүүнү суранып жатат.

"Ататүрк паркы боюнча чечимди прокуратура карап чыгат". Зулушевдин отчету

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 17-апрелде парламентте отчет берди. Башкы көзөмөл органдын былтыркы иши жөнүндөгү отчетунун жүрүшүндө депутаттар оппозициялык саясатчылар менен эркин журналисттердин камакта жатышынан тарта коррупционерлер менен күрөшүүгө чейинки бир катар суроолорду беришти.

Дубайда нөшөрдөн кийин аэропорттун иши чектелди

Azattyk.org 

Орусиянын Новосибирск облусунда жана Камчатка крайында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды. “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин өлкөдө мигранттарга каршы маанай күчөдү. Нөшөрлөгөн жаандан улам Бириккен Араб Эмираттарында, анын ичинде Дубайда тарыхтагы эң катуу суу ташкыны катталды. Оманда селден кеминде 18 адам каза болду. Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөө тапшырмасы берилди. Маданият министрлиги ага тыюу салуу чечимин өткөн жылы чыгарган.

Новости России
Москва

Ирина Струнова стала Терапевтом года


Кыргызстанда провайдерлерге ТикТокту бөгөттөө тапшырмасы берилди

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Өткөн жылы Маданият министрлиги бул социалдык тармакты тыюу чечимин чыгарган.

Нуралы Капаров: Акындар чабал ырын өрттөп салса

Azattyk.org 

Нуралы Капаров - кыргыз адабиятына сексенинчи жылдары келген таланттуу калемгерлердин бири. Бүгүн ал "Тамызгы", "Көңүл ыргагы", "Досума кат", "Адашкандар" өңдүү китептерине кирген поэтикалык, прозалык жана публицистикалык мыкты чыгармалары менен белгилүү.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной






В метро Москвы запустили поезд ко Дню Победы

В Кемерове защитники воспитателя, обвиненного в истязании детей, обратились к Александру Бастрыкину

На Светлой седмице в московских храмах пройдут мероприятия фестиваля «Пасхальный дар»

Собянин принял решение возобновить подачу тепла в московские дома