Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып, кармалып, камалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди:
"Кечээ кечинде эле Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот дагы президенттин алдынан, Судьяларды тандоо кеңешинен өткөн. Көп жылдан бери кызмат кылып келишкен. Президенттин алдында "таза кызмат кылабыз" деп убадасын беришкен. Читать дальше...