Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы министри Гордан Грлич Радман менен 12-декабрда жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулады. Министр Кулубаев жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берди.
"Биз соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну күчөтүү боюнча бир пикирге келдик. Туризм, айыл чарба, энергетика, анын ичинен энергиянын кайра жаңылануучу булактары сыяктуу экономиканын артыкчылыктуу багыттарын жана секторлорун аныктадык", - деди Жээнбек Кулубаев. Читать дальше...