Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип 18, 20 жаштагы жигиттер кармалды
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 32 жаштагы адамды өлтүрүүгө шек саналып 18 жана 20 жаштагы жигиттер кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, 9-декабрда маркумдун аялы жолдошу үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. 13-декабрда Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылындагы таштанды таштаган жайдан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Ал кездемеге оролуп, өрттөлгөнү аныкталган. Читать дальше...