Тегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастады
Тегеран италиялык журналист Чечилия Сала Ирандын "мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып" камалганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Билдирүүгө караганда Чечилия Сала Иранга 13-декабрда журналисттик виза менен келип, алты күндөн кийин камалган. Өткөн апта соңунда Италиянын Тышкы иштер министрлиги Cаланы Тегерандын полициясы 19-декабрда кармаганын билдирген. Ал Италиядагы Il Foglio басылмасынын кабарчысы. Гезиттин жетекчилиги билдиргендей, учурда Сала Ирандын... Читать дальше...