«Канжар Кадыралиев менен бирге каракчылык кылган» деп шек саналган Өзгөн районунун тургуну Равшан Мамытовдун үйүнөн Калашников автоматы табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Мамытов «2014-жылы Кадыралиев менен кошо ишкер Сактан Келдибаевдин үйүнө каракчылык кылды» деп аты аталгандардын катарында болгон. Учурда экөөнүн байланыштары боюнча далилдер кайрадан изилденип жатат.
2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Бирок сот эмгиче чечим чыгара элек.
Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатышат. Анын өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан эмес. (YI)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
Чемпионат и Первенство Москвы и Московской области по автокроссу
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона