Юрий Краковецкий БАЭдеги чемпионатта коло медаль утуп алды
Аталган спортчу 100 кг. андан жогорку cалмак категориясында күч сынашкан.
Аталган спортчу 100 кг. андан жогорку cалмак категориясында күч сынашкан.
Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык жарым марафондук жарышта алтын медаль тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жарыш 20-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп, ага 15 мамлекеттин спортчулары катышты. Дарья Маслова кыз-келиндер арасында жарышка чыгып, 21 чакырым 97 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өтүп, жеңүүчү аталды. Экинчи орунду ээлеген эфиопиялык спортчу Бейене Хирут Гуангул... Читать дальше...
Кыргызстанда кыз-келиндер канчалык деңгээлде спорт аркылуу өзүн таанытып, ийгиликтерге жете алат? Коомчулук кыздардын чоң спортко аралашуусун колдоого алабы? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада баарлаштык.
Кыргызстандык мушкерлер Мирлан Түркбай уулу менен Эркин Адылбек уулу Азия чемпионатынын жарым финалдык таймашына чыкты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаштар ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жатат. Бүгүн, 22-апрелде 49 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда күч сынашкан Мирлан Түркбай уулу индонезиялык Комелис Квангу Лангуну 4:1 эсебинде жеңип алды. Түркбай уулу буга чейин 1/8 финалда йемендик Мухаммед Аль-Карнасты 5:0 эсебинде жеңген эле. Эми 25- апрелде Түркбай... Читать дальше...
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенага үч жүзгө жакын кишинин өмүрүн алган кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. "Шри-Ланканын шаарларындагы жардыруулардан көптөгөн адамдардын курман болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. Читать дальше...
Кошмо Штаттар 1-майдан тарта беш мамлекетке анын ичинде Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотот. Ага ылайык, эгер аталган мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга Вашингтон санкция киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат алгач Ак үйдүн сайтында жарыяланып, андан соң бул кабарды АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 22-апрелде ырастады. Помпео бул чечимди кабыл алардын алдында Вашингтон Сауд Арабиясы... Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани менен Тегеранга келген Пакистандын премьер-министри Имран Хан чек ара аймактарындагы террорчулукка каршы тез чара көрө турган “бирдиктүү күчтөрдү” түзүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Роухани Имран Хан менен сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында айтканын Ирандын мамлекеттик медиасы кабарлап чыкты. Соңку бир канча айдан бери эки өлкө «чек ара аймактарындагы жоочуларга каршы жеткиликтүү күрөшпөй жатат» деп бири-бирин айыптап келишкен. "Террорчулук маселеси бөлүп-жаруучу факторго айланып... Читать дальше...
Шри-Ланкадагы теракттын курмандыктары көбөйүүдө. Ондогон киши кылмышка шектелип кармалды. Украинада президенттик шайлоо өттү. Жеңүүчү Владимир Зеленскийди дүйнө лидерлери куттуктоодо. Грузияда ГЭС курууга каршы чыккан эл менен полиция кагылышты. Түштүк Корея президенти Борбор Азияны кыдырып, миллиарддаган келишимдерге кол койду.
Казакстандын Алматы шаарында эл аралык марафон учурунда камакка алынган активисттерди колдоо акциясы өттү. Эки активист - Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаев таза шайлоого чакырык таштагандан кийин "митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузган" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган.
Эл аралык байкоочулар Украинада президенттик шайлоо ачык-айкын өткөнүн билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныганы үчүн Петро Порошенкону кубатташты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дүйшөмбү күнү Киевде баштапкы корутундусун жарыялашты. - Украинада 2019-жылы өткөн президенттик шайлоо атаандаштык өкүм сүргөн жана жарандардын фундаменталдык эркиндигине урмат-сый көрсөтүлгөн шартта өттү. Бийликтин ырааттуу өткөрүлүп берилиши демократиялык институттарды бекемдөөгө жол ачат... Читать дальше...
Каныбек Ботобаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалды. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каныбек Ботобаев чек ара маселелери боюнча бир катар кызматтарда иштеген. 9-апрелде өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбай Искандаров кызматынан мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн иштен алынганы маалым болгон. (TSh)
22-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда саясатчы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы окуялар боюнча пикирин айтты: - КСДП партиясы мага жагабы, жакпайбы - бул башка маселе. Мыйзам боюнча партияны алып, бирөөгө берип койгон абийирсиздик. Эми бүгүнкү бийлик ачык чыгып күрөшсө болмок. Кылтыйтып бир нерсени сасытып коюп отура бергени жакшылыкка алып барбайт. Читать дальше...
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик бул мекеменин жетекчисинин айдоочусу чет өлкөгө иш сапарга барганы тууралуу маалыматты четке какты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизгинин талашкандар 22-апрелде Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгышты. Катышуучулар «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» деген чакырыктар менен юстиция министри Марат Жаманкуловдун кызматтан кетишин талап кылышты. Ал эми КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов партия Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышканын билдирди.
Жоюлуп кетпей сакталып калган Кыргызстандагы жалгыз асыл тукум жылкы заводун калыбына келтирип жаткан жаратман чарбагер. Улан Эгизбаевдин ысымын көчөсүнө коюп алышкан жаңы конуштун акыйкат издеген тургундары. Сүрөтүн сатып дүйнө кыдырган арт-өнөрпоздор. Бишкекке жаз менен кошо келген Жаз майрамы.
«Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» видеоиликтөөсүнөн соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат. Иштин чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Журналист Ыдырыс Исаковдун «Ош... Читать дальше...
Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон сегиз жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ош эл аралык аэропортунун ондогон кызматкерлери коопсуздук кызматынын башчысы Абдибаит Матиевге каршы нааразы болуп, анын жүрүм-турумун сындап чыгышты. Акция 22-апрелде болду. Ош аэропорту баш ийген «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну бышыктап, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди. Ал арада айрым маалымат булактары дарегине айтылган сын-пикирлерден улам Абдибаит Матиев иштен алынганын, мындан аркы ишмердигине карата чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынарын жазышты. Читать дальше...
Пакистандын премьер-министри Имран Хан Ирандын жогорку даражалуу аткаминерлери менен жолугушуу максатында эки күндүк иш сапары менен Тегеранга келди.
Шри-Ланканын бийлиги жекшембиде болгон кандуу жардыруулар чет өлкөлүк террорчул уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылганын билдирди. «Чалгын кызматынын маалыматы жергиликтүү террорчуларды чет өлкөлүк террорчул уюмдар колдогонун ишарат кылат. Ушундан улам президент чет өлкөлөрдөн жардам күтөт», - деп айтылат Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенанын 22-апрелдеги билдирүүсүндө. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ражитха Сенаратне бомба жардырууларынын артында «Улуттук таухид жамааты» деп аталган исламчыл экстремисттик топ турганын маалымдады. Читать дальше...
Тамга тааныган кыргыз президент же депутат, тамга тааныбаган кыргыз мыйзамдагы ууру же топ башкарган авторитет болуп саясатка киргиси келген замана.
Украинада жекшембидеги президенттик шайлоодо жеңип чыккан актер жана куудул Владимир Зеленскийдин штабы 2014-жылы «Евромайдан» окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин куттуктоосун четке какты. «Зеленскийдин командасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө орусиялык үгүтчүлөрдөн жана мурдагы украин аткаминерлеринен «колдоо» тууралуу билдирүүлөрдү алып жатты. Мындай колдоосу жана куттуктоолору жок эле иш алып барабыз», - деп билдирди штабдын өкүлү Дмитрий Разумков. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков биометрикалык паспорттордун тендерине байланыштуу кырдаалга карата пикирин билдирип, «мен жарандык коомдун пикирин урматтайм, бирок шашылыш тыянак чыгарбоого чакырам»,- деди. Мамлекет башчы 22-апрелде Ошто санариптештирүү маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып, өлкөнү санарипке өткөрүү анын президенттик ишмердигиндеги негизги багыттардын бири болуп кала берерин белгиледи. «Жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тендер чырына байланыштуу кармалды. Читать дальше...
Жекшембиде Грузиянын Панкиси капчыгайында жергиликтүү эл менен полициянын кагылышынан 30дай киши жарадар болду. Анын 15и полиция кызматкери, 12си каршылык көрсөткөндөр. Жергиликтүү тургундар Биркиани айылында ГЭС курулушуна каршылыгын билдирип чыгышкан. Эл курулуш техникасын өткөрбөй коюуга аракет кылганда полиция жаш агызчу газ жана желим ок аткан. Грузиянын Ички иштер министрлиги таяк көтөрүп, таш ыргыткан адамдарга каршы күч колдонууга аргасыз болгонун билдирүүдө. Жергиликтүү эл ГЭСтин курулушу «жаратылышка зыян келтирет... Читать дальше...