Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 09.04.2019

Бурулайдын өлүмү: милиция күнөөлүү деп табылды

Azattyk.org 

9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарып, каргаша шалаакылыктын айынан болгон деп тапты. Сот үч милиция кызматкерин 260 миң сом айыппул төлөөгө жана жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бабанов: Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарыш керек (видео)

Azattyk.org 

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов НТС телеканалындагы маегинде абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровго козголгон иштер саясий негизде болгон деген пикирин билдирди. - Текебаевдин иши - 100% саясий иш. Эртең эмес, бүгүн иш жабылып, ага депутаттык мандатты кайтарып беришибиз керек... Эмилбек Каптагаев "эч кандай арызым жок, ал күнөөлүү эмес" дегенине карабай, Садыр Жапаров камакта отурат. Бул да саясий иш. Ал Алмазбек Атамбаев тууралуу китеп жазып койгон үчүн камакта отурат. Читать дальше...

Суталиновдун соту дагы созулчудай

Azattyk.org 

Апрель окуясы боюнча соттолгон УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту кийинкиге калтырды. Буга күбөлөрдүн биринин келбей калганы себеп болду.

Бабанов: Атамбаев көз карандысыз сотторду түзө алган жок (видео)

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта турган алты жылында көз карандысыз сотторду түзө алган жок. Бул тууралуу президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС телеканалындагы маеги учурунда билдирди. "Биз бардыгыбыз 25 жылдан бери инвестиция деп айтып келебиз. Инвестиция тартуу үчүн көз карандысыз сотторду түзүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей турганын айтты, биз сотторго көз карандысыздыкты түзүп берген соң талап кылышыбыз керек... Биз аларды көз карандысыз кылсак... Читать дальше...

Суталиновдун соту дагы создукчудай

Azattyk.org 

Апрель окуясы боюнча соттолгон УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту кийинкиге калтырды. Буга күбөлөрдүн биринин келбей калганы себеп болду.

Өмүрбек Бабанов: Өз ыктыярым менен келем

Azattyk.org 

Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган. - Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. Мен өз убадамды аткардым. Мен Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Читать дальше...

Топ тепкен жеңелер

Azattyk.org 

Ноокендин Сакалды айыл аймагында элеттик кыз-келиндер жана аялдар арасында футболдук мелдеш уюштурулду. Аримжан жана Чоң-Багыш айылдарынан куралган аялдардын 10 командасы топ тебүү менен катар, кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана тамак-аш азыктарынын жармаңкесин уюштурушкан.

Cуталиновдун соту бир аптага жылды

Azattyk.org 

9-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу маселеси каралып, тогуз күбө суралды. Бир күбө келбей калганы үчүн кийинки отурум 15-апрелге жылды.



Тажикстанда диний активист 15 жылга кесилди

Azattyk.org 

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мурдагы бөлүм башчысы Наимжон Самиев 15 жылга эркинен ажыратылды. 9-апрелде соттук жараян Хожент шаарынын №2 Убактылуу кармоочу жайында жабык өттү. Маалым болгондой, Самиев "жардыруучу заттарды мыйзамсыз алган, сактаган жана бирөөлөргө жеткирген, экстремисттик уюм түзгөн жана кылмыштуу топтун катышуучусу болгон" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал өзү тагылган айыптарды мойнуна алган жок. 56 жаштагы Самиев өткөн жылдын соңунда Орусиянын Чеченстан жумуриятында кармалган. Читать дальше...

Стамалиева президенттин тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева соңку кезде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таарынычы, мурдагы жана азыркы президенттердин пикир келишпестиги эмнеден чыкканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Стамалиеванын баамында, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестиги инаугурациядан алты күндөн кийин эле башталган. Пикир келишпестикке 2017-жылы Минскиде өткөн ЖККУ жыйынында... Читать дальше...

Алжир парламенти Бенсалехти утурумдук президенттикке дайындады

Azattyk.org 

Алжир парламенти 9-апрелде Абделкадер Бенсалехти утурумдук президенттикке дайындады. 77 жаштагы Бенсалех 16 жылдан бери парламенттин жогорку палатасына төрагалык кылып келген. Алжирдин Конситуциясына ылайык, утурумдук президент 90 күндүн ичинде шайлоо өткөрүшү керек. Бирок ал өзү добуш берүүгө катышуу укугунан ажыратылган.  Парламенттин чечимине каршы өлкөнүн бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Демонстранттар утурумдук президентти мурдагы элитанын өкүлү деп эсептешет.  Алжирдин мурдагы... Читать дальше...

Баткенде эмдөө алган 15 окуучу ооруканага кайрылды

Azattyk.org 

Баткен шаарындагы №3 мектептин 15 окуучусу эмдөөдөн кийин ооруканага кайрылды. 9-апрель күнү шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери окуучуларды кезектеги эмдөөдөн өткөргөн.  Эмдөө алган балдардын арасынан башы айланып, 15 бала облустук ооруканага кайрылып, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатышат. Бул тууралуу оорукананын өкүлдөрү жана ата-энелер кабарлашты. Дарыгерлер тобу абалды иликтеп жатат. Азырынча мектептен, үй-бүлөлүк дарыгерлер... Читать дальше...

Казакстан чукул шайлоо өткөрөт

Azattyk.org 

Өзбекстанда жаңы эле курулган көп кабат үйдөгү жарылуу эки кишинин өмүрүн алды. АКШ Иран бири биринин аскер күчтөрүн террордук уюм деп атоодо. Оппозициячы Алексей Навальный Орусия бийлигинен 23 миң евро кенемте алат. Криштиану Роналдунун түгөйү Ирактан табылды.

Ооганстандагы жардырууда төрт америкалык аскер көз жумду

Azattyk.org 

Ооганстандагы НАТОго караштуу авибазанын жанында болгон жардыруудан төрт америкалык жаран көз жумду. Окуя үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды. Баш калаа Кабулдан 50 чакырым алыс жайгашкан Баграм авиабазасынын жанында болгон жардырууда дагы үч америкалык аскер жарадар болгонун 8-апрелде Кошмо Штаттардын Ооганстандагы күчтөрүнүн өкүлү, полковник Дэвид Батлер билдирди. Анын айтымында жардыруучу түзмөк жолдун чекесинде токтоп турган автоунаанын ичине коюлган. Жергиликтүү бийлик... Читать дальше...

Бурулайдын иши боюнча айыпталган милиционерлерге өкүм чыкты

Azattyk.org 

9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарып, каргаша шалаакылыктын айынан болгон деп тапты.  Айыпталгандар - Ильич Иманалиев, Мирлан Макеев, Эржан Кадышев, Замир Айткожоев жана Замир Байтереков.  Макеев, Кадышев, Иманалиев буга чейин соттолбогондуктан жана кызматын эске алуу менен камакка алынган жок. Сот алардын ар бирин 260 миң сом айыппул төлөөгө жана жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди. Читать дальше...

Ташкентте ажырашуулардын саны өстү

Ca-irnews.com (kg) 

Өзбекстандын борбор калаасында ушул жылдын январь-февраль айларында ажырашуунун саны кескин өсүп, 769 үй-бүлөнүн ажырашканы катталган.

Новости России
Москва

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!


Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленди. Ага Токаев катышабы-жокпу азырынча белгисиз.

Иран Түркия, Ливан, Сирия жана Иракта бизнес офисин ачат

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын  өнөр жай, тоо-кен жана соода министри Реза Рахмани өлкөнүн мунайдан тышкаркы экспортунун 55 пайызы кошуна 15 өлкөнүн үлүшү деп билерин жана өлкөнүн Түркия, Ливан, Сирия жана Иракта жаңы бизнес офистери ачыларын билдирди.

Назарбаева: талапкерлер тууралуу чечимди партиялар кабыл алат

Azattyk.org 

Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева жергиликтүү Zakon.kz порталына талапкерлер тууралуу чечимди партиялар кабыл аларын айтты. Ал эгер «Нур Отан» партиясы ага сунуш кылса, бул кадамга барар-барбасын да так билдирген жок. Ал арада бийликтеги «Нур Отан» партиясы өз талапкерин 20 күндүн ичинде аныктай тургандыгын маалымдады. Буга чейин Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева: «Жок, Дарига Нурсултановна талапкерлигин коюну көздөгөн жок», - деп телефон аркылуу «Tengrinews.kz» агенттигине билдирген. Читать дальше...

Курбанбай Искандаров кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Курбанбай Искандаров өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду.  9-апрелде таратылган расмий кабарга ылайык, ал берген арызына ылайык кызматтан алынды. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Сюзанн Ленглен

Последний танец Надаля и юбка Сюзанн Ленглен: 6 важных фактов о «Ролан Гаррос»-2024






Песков: каким будет возможный ответ на удары по России, знает президент Путин

Двор-сад и коворкинг возведут на территории ЖК «Одинбург» Одинцовского округа

Студенты из Люберец прошли в финал международной IT-олимпиады

Медведев анонсировал Совет по науке и образованию во главе с Путиным в июне