Санкт-Петербург: Валентина менен Антонина эл алдында шоу көргөздү
Санкт-Петербург шаарында 20-апрель күнү Антонина Шевченко беттешке чыгат.
Санкт-Петербург шаарында 20-апрель күнү Антонина Шевченко беттешке чыгат.
Украинада террордук чабуул уюштурууга шектелип кармалгандардын экөөнөн Кыргызстандын паспорттору табылды.
Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту мындай чечимин 17-апрелдин кечинде чыгарды. Аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон. Алардын бөгөт чарасы жабык каралды. Читать дальше...
Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй калат. «Азаттык» бул жолу салыктан качкан «ишкерлерди» иликтеди.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары маалында Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык тобунун тарапкерлери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты. Алар колуна "Диктатор Рахмон менен таанышып алгыла!" деген жазууну кармап, Тажикстанда камакта отурган "саясий туткундардын" баарын бошотууну талап кылышты. Өткөн жылы ушундай эле акцияны чет өлкөдөгү тажикстандык активисттер Прагада жана Санкт-Петербургда уюштурган. "Группа 24" – 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон... Читать дальше...
Москванын соту Керч кысыгындагы жаңжал маалында кармалган украиналык деңиз аскерлеринин бир бөлүгүн камакта калтырды. Лефортово райондук соту 17-апрелде прокурорлордун украин аскерлерин тергөө абагында кармоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Натыйжада 12 деңиз аскери 24-июлга чейин камакта кала бермей болду. 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2018-жыл үчүн отчётун бир добуштан колдоп берди. Бирок прокуратуранын ишине ичи чыкпаган айрым эксперттер парламентти сындап жатышат.
Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа баш калаа Лимадагы үйүндө өзүн атып салды. Окуя 17-апрелде полиция кызматкерлери паракорчулук боюнча иликтөөнүн алкагында аны кармап кетүү үчүн келген учурда болду. Гарсия ооруканага жеткирилгенин, абалы оор экенин жергиликтүү телеканалдар кабарлап жатышат. 69 жаштагы саясатчыга Бразилиянын "Одебрехт" курулуш компаниясынан пара алган деген айып тагылууда. 1985-90-жылдары өзүн улутчул президент катары көрсөткөн Алан Гарсиа кийинчерээк либералдык, эркин... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушу тапта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевдин, статс-катчы Данияр Бакчиевдин жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап жатат. Сот жараяны жабык өтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, кармалгандардын 20-30 тарапкери сот залынын кире беришинде күтүп отурушат. Алар биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон. Читать дальше...
Украинада террордук чабуул уюштурууга шектелип кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору чыкты. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак билдирди. «Комаричев жана Дзортов - Орусиянын жарандары. Бирок Украинанын аймагындагы террордук аракеттерин жашыруу үчүн алар башка эгемен өлкөнүн паспорту менен жүрүшкөн. Алардын жанында Ломако жана Кирик деген фамилиялар жазылган Кыргызстандын паспорттору болгон», - деди генерал Грицак. Украина атайын кызматы өлкө... Читать дальше...
Казакстан 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо мурдагыларга салыштырмалуу эки эсе көп акча сарптайт. Тажикстандын имамдар кеңеши жаштарды армияда кызмат өтөөгө чакырышты. Франциянын саламаттык сактоо мекемелери көкүрөк импланттарынын айрым түрлөрүнө тыюу салды.
Расмий Киев Украинада саясатчыларга кол салуу сыяктуу «террорчул» аракеттерди ишке ашырууну көздөгөн, Орусиянын атайын кызматы жөнөткөн жети кишини кармаганын билдирди. Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак мындай билдирүүсүн 17-апрелде президенттик шайлоонун экинчи туруна төрт күн калганда жасады. Ал Киевдеги басма сөз жыйынында бул топко көмөктөшкөн бир киши колго түшүрүлгөнүн айтканы менен ал шектүү жогорудагы жети кишинин бири экенин же өзүнчө кармалганын тактаган жок. ... Читать дальше...
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облустун «Тез жардам» кызматына сегиз даана автоунаа алып берди. 2018-жылы бул кызматтын автоунааларына тендер жарыяланып, аны «Элим Строй» компаниясы утуп алып, машинелерди Германиядан алып келген. Ага жалпысынан 7 миллион 400 миң сом сарпталган. Алынып келген сегиз автоунаанын бири Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, экөө Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, бир автоунаа Жети-Өгүз райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна, Ак-Суу... Читать дальше...
Президент Дональд Трамп Конгресстин Йемендеги жарандык согушка АКШ аскерлеринин катышуусуна чектөө киргизген резолюциясына вето койду. Резолюцияны Сенат март айында, ал эми Өкүлдөр палатасы апрелде кабыл алган.
БУУнун балдар жана куралдуу чыр-чатактар маселеси боюнча атайын өкүлү Виржиниия Гамба Йемендеги балдардын абалы боюнча баяндамасында сауд коалициясынын Йемендеги агрессиясынын натыйжасында миңдеген балдар набыт болгонун белгиледи.
Жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин камалганына байланыштуу президентке кайрылышты. Бир катар укук коргоочулар баштаган жарандык активисттер мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон бул ишке байланыштуу Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын чакырууну сунуш кылышты. Кайрылууда Кыргызстанда өлкөнү санариптештирүү ийгиликтүү ишке ашып, электрондук шайлоо, сатып алуу, ачык бюджет, коопсуз шаар жана жарандарды биометрикалык каттоо мезгилдин талабына ылайык иштеп жатканы айтылат. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2018-жыл үчүн отчётун бир добуштан жактырды. Жыйында 109 депутат «макул» деп добуш берди. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 17-апрелде прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берди. Анын маалыматына караганда, былтыр жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факт катталган, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгон. Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп былтыр 26-апрелде дайындалган. (BTo)
Биометрикалык паспорттун бланкын даярдоо боюнча тендерде коррупция боюнча шектүү катары камалган мамлекеттик кызматкерлердин бөгөт чарасы 17-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу жарандык активист Бурул Макенбаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевдин, статс-катчы Данияр Бакчиевдин жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын кароо жараянына укук коргоочулар да катышкысы келет. Читать дальше...
Памирлик кыргыздар Ооганстандан Нарынга келгенине эки жылдай болуп калды. Алардын балдары билим алуусун улантып жатышат. Ал эми чоңдору күнүмдүк тиричиликте өз оокатын жөндөп калышты. Бирок эл арасында «памирликтерди бийлик кара жумушка иштетип койду, боордошторго тыңгылыктуу шарт түзүп бербейт» деген пикирлер көп.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусияда эмгектенип жүргөн тажик жарандарына миграциялык мунапыс берилишине үмүт артат. Бул тууралуу шаршембиде Москвада Рахмон Мамдуманын спикери Вячеслав Володин менен жолукканда сөз болду. Тажикстандын лидери Дүйшөмбү Москвадан өз жарандарынын каттого туруу жана патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү суранарын билдирди. Рахмон Орусияга эки күндүк расмий сапар менен барды. Бүгүн ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшмакчы. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев прокуратура органдарына болгон элдин ишеними дагы эле жогору эмес экенин айтты. Ал парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, мунун үстүнөн иштөөгө чакырды: - Ар бир депутаттын өзүнүн иши. Сизди мактап, «өмүрүңүз узун болсун, ден соолугуңуз чын болсун» деген каалоолор айтылып жатат. Бирок чечимди өзүңүз чыгарышыңыз керек. Кыргызстанда азыр калыстык толук орной элек. Сиз мунун үстүнөн иштешиңиз керек. Прокуратура органдарына... Читать дальше...
Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 19-20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, биийк тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин... Читать дальше...
Франциянын саламаттык сактоо мекемелери көкүрөк импланттарынын айрым түрлөрүнө тыюу салды. Полиуретандан жана тышкы катмары микротекстурадан жасалган импланттар өсмө (рак) илдетинин сейрек формасынын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам апрель айынан тарта «кара тизмеге» киргизилди. Ал эми өндүрүүчүлөр бул чечимге каршы төрт ай ичинде сотко кайрыла алышат. Француз жетекчилигинин мындай чечимди кабыл алышына 2018-жылы чыккан илимий иликтөө түрткү болду. Журналисттик иликтөөлөрдүн... Читать дальше...
«Чек арасыз кабарчылар» уюму пакистандык журналистке каршы жасалма айып коюлуп жатканын сынга алды. «Dunya News» телеканалынын иликтөөчү журналисти Шахзеб Жиллани «кибертерроризм кылган» жана «Пакистандын абройлуу мекемелери тууралуу ушак-айың тараткан» деп айыпталууда. Журналистин соту 17-апрелде Карачи шаарында өтүшү керек. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм Жиланиге каршы иш пакистандык кабарчыларды коркутуп, аларды чындыкты айтуудан алыс кылыш үчүн козголгонун белгилеп, соттон айыптарды алып салууга чакырды. Читать дальше...
17-апрелде Индонезиянын калкы өлкөнүн президентин жана парламенттин мүчөлөрүн шайлап жатат. Өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн азыркы президент Жоко Видодо менен мурдагы аскердик жетекчи Прабово Субианто ат салышууда. Жоко Видодо бийликке келген 2014-жылдан бери бир катар жаңы жолдорду, аэпортторду куруу аркылуу инфрастуктараны оңдогонун өз шайлоо өнөктүгүндө баса белгилеп келсе да укук коргоочулар ал адам укуктарына көп көңүл бурбаганын айтышууда. Ошону менен катар өлкөдө коррупция дагы эле гүлдөп жатканы сөз болуп жүрөт. Читать дальше...