Аба ырайы: Күн ачык болот
![Аба ырайы: Күн ачык болот](https://gdb.rferl.org/FBEA36DA-861B-4068-B640-AA1BE290DA22_w800_h450.jpg)
Жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы кыймыл 500 метрден ашпоосу зарыл.
14-апрелде Кыргызстанда жамгыр жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус жылуу болот.
14-апрелде Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.