Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 02.04.2019

Укук коргоочулар президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева баштаган укук коргоочулар президентке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) иш-аракеттерин сынга алды.  «Кечээ КЛООПтун журналисти Анна Капушенконун үйүндө тинтүү жүрдү. Ал бир күн кечке УКМКда сурак берип отурду. Анын эмне күнөөсү бар? Бул чырга байланыштуу ушундай эле тинтүү дагы 50-60 жарандын үйлөрүндө жүрүп жатат. Мындай террор улана берсе, мамлекеттик кызматка ким барып иштейт? Чечимдерди ким кабыл алат?» деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

МЧК: кыргыз-казак чек арасында 253 жүк ташуучу машине турат

Azattyk.org 

Акыркы маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз өкүлү Мирбек Осмоналиев кабарлады: - Учурда чек арадагы кырдаал өзгөргөн деле жок. Акыркы алынган маалыматка караганда ал жерде 253 автоунаа тизилип турат. Мурда айтылгандай эле азыр казак тарап менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Журналисттер бизге эле чалып, маалымат сурап жатышат. Тышкы иштер министрлиги жана... Читать дальше...

Пакистан Кашмирде үч аскери курман болгонун билдирди

Azattyk.org 

Исламбад талаштуу Кашмир аймагында Индиянын чабуулунан пакистандык үч жоокер каза таап, бир нечеси жарадар болгонун 2-апрелде тараткан билдирүүсүндө кабарлады. Анда түн ортосунда коюлган чабуулга Пакистандын армиясы дароо жооп кайтарганы белгиленген. Индия тарап бул билдирүү боюнча үн каткан жок. Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алгандан кийин курчуп кеткен. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти... Читать дальше...

Халилзад ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Azattyk.org 

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кабулда жолугушту. Халилзаддын бул сапары апрелдин ортосунда Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылы менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын утурлай өттү.  Аталган кыймыл менен Халилзаддын буга чейинки сүйлөшүүлөрү ушул эле Катарда өткөн. Атайын чабарман анын жыйынтыгында Ооганстанда 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотууга багытталган «реалдуу кадамдар жасалганын» билдирген. Читать дальше...

Вашингтон Иранга кошумча санкцияларды киргизүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

АКШ өзөктүк келишимден баш тарткандан бир жыл өткөн соң Иранга жаңы санкцияларды киргизүүнү пландап жатары белгилүү болду. Бул тууралуу атын атагысы келбеген Ак үйдүн кызматкери 1-апрелде билдирди. Былтыр май айында президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылы кол коюлган, Тегерандын өзөктүк программасын ооздуктай турган келишимден чыкканын жарыялаган. Анда ал Иранга каршы санкицяларды киргизерин да билдирген. Санкциялар Ирандын энергетика, кеме куруу жана финансы тармактарына каршы багытталган. Ушул... Читать дальше...

Баңги заттарынын эл аралык контрабандалык каналы алдын алынды (фото)

Ca-irnews.com (kg) 

30-мартта КР УКМК ККК тарабынан ири баңги каражаттарын контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюуу жана аныктоого багытталган  ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-ж.т. Ш.А., 1986-ж.т. С.Г., жана 1987-ж.т. С.С. кармалышты.

Гүлбара Калиева: журналист интервью алгандыгы үчүн жоопко тартылбаш керек

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева ММКлардын жетекчилери менен жолугушуп жатып, журналисттер интервью алгандыгы үчүн жоопко тартылбашы керек деген оюн билдирди.  - Мен юрист катары жеке оюмда, журналист интервью алып жатканда, айрыкча түз эфирде, берки киши эмне деп жооп берерин билбейт. Журналист болгону микрофон сунуп турат. Ошондуктан журналистти жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу туура эмес деп ойлойм. Бирок канча юрист болсо, ошончо пикир болот. Биз бул маселени да талкууга чыгарабыз, - деди Гүлбара Калиева. Читать дальше...



Санкт-Петербургда жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны көз жумду

Azattyk.org 

30-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын 41 жаштагы жараны, Чоң-Алай районунун тургуну көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.  Орусиянын Ички иштер министрлигинин бул жол кырсыгын иликтеген Санкт-Петербург шаары боюнча башкармалыгы окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Каза тапкан жарандын 37 жаштагы иниси жабырлануучу катары катталды.  Учурда кыргыз диаспорасынын активисттери сөөктү Кыргызстанга жеткирүүгө каражат топтоп жатышат. Читать дальше...

Украина: Зеленский эми сыналат

Azattyk.org 

Украина президенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярданууда. Анда куудул Владимир Зеленский менен президент Петр Порошенко күч сынашат. Экинчи айлампа 21-апрелде өтүшү керек.

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

Azattyk.org 

5-28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмө өтөт.  Көргөзмөнүн идеясы - интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаңы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү.  Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Мисалы, Кытай күнүндө - каллиграфия, Жапония күнүндө - чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо... Читать дальше...

УКМК: Зилалиев тараткан маалымат чындыкка дал келбейт

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди. Ал «Азаттыкка» Зилалиев тергөөгө көмөктөшүүгө макул болбой жатканын айтты.  - Учурда Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бирок Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Зилалиев буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Читать дальше...

Светлананын автодүкөнүн эл күтөт

Azattyk.org 

Орусиянын Тoмск облусундагы бир нече айылды тейлеген жалгыз автодүкөн бар. Анда Светлана Терентьева сатуучу болуп иштеп, алыскы айыл элине азык-түлүк жеткиргенден тышкары жардамга муктаж адамдарга камкордук көргөн ыктыярдуу социалдык кызматкерге да айланыптыр.

Жогорку соттун төрайымы: сот реформасы жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп жатып, сот корпусу 70 пайызга жаңырганын жана реформа жүрүп жатканын айтты. - Реформа жүрбөй жатат деген туура эмес. Жаңы имараттар салынып, эскилер ремонттолуп жатат. Аудио жана видео фиксация киргизилип жатат, - деди Гүлбара Калиева. Ал журналисттердин "Сиздер өйдө жакты карап иш кыласыңарбы?" деген суроосуна "ооба, өйдө жакты, Кудайды карайбыз" деп жооп берди. Акыркы учурда сот тармагы өлкө... Читать дальше...

Новости России
Москва

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»


Зилалиев: УКМК менден Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмдү суранды

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратып, аны УКМК кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранганын айтты. Бул маалыматты анын жактоочулары "Азаттыкка" ырасташты. "Акыркы төрт айда мени бир да жолу тергөө амалдарына катышууга чакырышкан жок. Менин жакындарым жана туугандарым аркылуу мага кысым көрсөтүп келишти. Жакында эле мени УКМКнын кызматкерлери чакырып алып, Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмдү суранышты. Максаты ошол болгон. Читать дальше...

Дүйшөбаев: Жээнбеков ыкчам аракеттерге барышы керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыска убакыт аралыгында ыкчам кадамдарга барышы керек. Бул тууралуу пикирин “Азаттыкка” маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Дүйшөбаев 2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соңку кырдаал, алдыда улутчул-мекенчил күчтөрдүн курултайы, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги жөнүндө айтып берди. Аны Бурулкан Турдубек кызы жана Бакыт Асанов кепке тартты.

Ошто жыл сайын жаңы бала бакча куруу иши уланат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 1-апрель күнү №17 “Ак ниет-Ош” бала бакчасынын курулушу менен таанышып жатып билдирди. Таалайбек Сарыбашов шаардагы бала бакча жетишсиздигин жоюу үчүн жыл сайын жаңы бала бакча куруу иштери уланарын белгилеп, мындан тышкары эски бала бакчалардын имараттары оңдоло турганын айтты. №17 “Ак ниет-Ош” бала бакчасына өзүнчө ашкана, балдар ойноочу аянтча жана жайкы сөрү курулууда. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн, май айына бүткөрүлөт деп пландалган. Читать дальше...

Чүйдө кыз ала качууга аракет кылган үч киши кармалды

Azattyk.org 

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 29-мартта шаардын тургуну кайрылып, 20 жаштагы кызын кимдир-бирөөлөр ала качууга аракет кылышканын билдирген. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене («Кыз ала качуу») менен катталып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада бул үчүн шектүү катары жергиликтүү үч тургун кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Токмок шаардык соту аларды үй камагына чыгарган.  Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, кыз ала качууда... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Стало известно, кто из россиян примет участие в турнире ATP-500 в Вене в конце октября






Блокада или мир: Лавров поставил США перед честным выбором

Якутяне поборются за золото на Кубке генерального прокурора

ТАСС: суд наложил арест на счет экс-замглавы Минобороны РФ Дмитрия Булгакова

Сразу три российских пассажирских самолёта получили угрозы об уничтожении на английском языке