Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 15.04.2019

Парламенттин Бюджет жана каржы комитети өкмөттүн ишин талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бүгүн 15-апрелде өкмөттүн былтыркы жылдагы ишин талкуулайт. Баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасайт. Өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкан. Өкмөт толук курамы менен парламентке барып, отчет берген. Суроо-жооптун жүрүшүндө депутаттар экономиканы жакшыртып, карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү, инвестиция тартуу тууралуу кеп кылышты. Алар ошондой эле... Читать дальше...

Балдар менен иштеген милиция кызматкерлери жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери үчүн семинар өтөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага милиция бөлүмдөрүнүн жана Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу борборунун инспекторлору менен адистери катышат. Кыргызстанда жашы 18ге толо электердин саны 2 миллион 300дөй. Бул жалпы калктын 37%. Расмий статистикага караганда, балдар жасаган кылмыштардын саны былтыр 2018-жылы алгачкы үч айда 425 болсо, быйыл 272ни түздү. Рэкетчилик фактылары былтыр биринчи кварталда 21 болсо, быйыл 17. Читать дальше...

Президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Германияга барды. Бүгүн 15-апрелде ал Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен, андан кийин экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри Хуберт Айвангер менен жолугушат. Мындан тышкары Ханс Зайдель атындагы фондго барып, Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, эки тараптуу бизнес-форумдун ачылышына катышат. Президент «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасына барып, андан соң Германиядагы мекендештер менен жолугушат. Читать дальше...

Тамекиге каршы мыйзамдар талдоого алынат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте Кыргызстандын тамекиге каршы мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселеси талкууланат. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун конвенциясы жана Кыргызстандагы абал тууралуу кенен сөз болот. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда коомдук жайларда, мекемелердин ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Анын авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева эл аралык изилдөөлөрдүн... Читать дальше...

Ташкентте казак-өзбек кызматташтыгы талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга алгачкы мамлекеттик сапары башталууда. Ташкентте ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, ортодо бир катар маанилүү документтерге кол коюлары, социалдык-экономикалык кызматташтыктан тышкары транзиттик-транспорттук алака тууралуу кеңири сөз болору айтылды. 19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип, анын ордуна парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген. Мамлекет башчысы... Читать дальше...

Суталиновду бошотуу маселесин кароо уланат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин кароо уланат. Аны ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин караган соңку отурум 9-апрелде өткөн. Адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, "түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес" деген пикирин айтышкан. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын... Читать дальше...

Иран: Селден каза болгондордун жалпы саны 76га жетти

Azattyk.org 

Иранда соңку апталарда селден жалпысынан 76 адамдын өмүрү кыйылып, чыгым 2,2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө бийлиги тараткан расмий маалыматта айтылат. Адатта кургакчыл келген түндүк-чыгыш провинцияларында нөшөр жааган жаан 19-марттан бери жүздөгөн адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды. Сел суусу имараттарга, жолдорго, инфраструктура объектилерине жана айыл чарба тармагына залакасын тийгизди. “Жалпы өлкө боюнча 31 провинциянын 25и жабыркады. Бул 4400 айыл” деп билдирди ички иштер министри Абдолреза Рахмани-Фазли. Читать дальше...

Порошенко Зеленскийди кайрадан эрөөлгө чакырды

Azattyk.org 

Украин президенти жана президенттикке талапкер Петр Порошенко атаандашы Владимир Зеленскийди бүгүн 15-апрелге да эрөөлгө чакырды. Кечээ 14-апрелде “Олимпийский” стадионунда пландалган эрөөлгө Зеленский барган эмес. Ошондон кийин ал атаандашына кайрылып, "эртең да, бүрсүгүнү да эрөөлгө чыгууга даяр экенин" айтты: - Урматтуу Владимир Александрович. Эртең мени сизди сыяктуу эле программага чакырышты. Мен ошол жакта болом. Коркпоңуз. Эрөөлдүн эч коркунучу жок. Мен эч кимди кемсинтким келбейт. Бул өтө маанилүү жоопкерчилик. Читать дальше...

"Жибек Жолу" көргөзмөсүндө Ак илбирс күнү өттү

Azattyk.org 

Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү уланып жатат. Бүгүн көргөзмө бир күндүк тыныгуу алып, эртең кайра уланарын “Азаттыкка” уюштуруучу уюм - «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду кабарлады. Кечээ 14-апрелде Ак илбирс күнү өттү. Тематикалык видео көрсөтүлүп, балдар арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди. Ак илбирс байырлаган жерлерде орнотулган фото-капкан тууралуу кенен маалымат берилип, залда отургандарды тартып алган сүрөттөр кайра балдардын өзүлөрүнө көрсөтүлдү. Читать дальше...

Жаза аткаруу тутуму боюнча Кытай менен кызматташтык талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаза аткаруу тутуму экстремизмге каршы күрөшүүдө Кытай менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жаза аткаруу кызматында Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда диний экстремизмди алдын алууда чогуу кызматташуу маселеси талкууланды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө 600гө жакын адам экстремизм үчүн жазасын өтөп жатышат. Кыргызстан абак кызматкерлерин Кытайдын атайын мекемелеринде... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Янник Синнер не приедет на турнир ATP-500 в Вену






В Москве в ближайшие выходные ожидается ливень и ветер до 17 м/с

«Жду зрелищной игры, они любят атаковать». Булыкин сделал прогноз на победителя дерби «Локомотив» — «Спартак»

Новые яркие вкусы и эмоции – обновление меню в ресторане Hedonist

Экс-посол Хелантеря: Финляндии и России в будущем придётся восстановить связи