Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 24.04.2019

«ЮрАзия Кыргызстан»: Уран казууда коопсуз технологияны тандаганбыз

Azattyk.org 

«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелерге байланыштуу түшүндүрмө берип, Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Компания өкүлү Андрей Акимов "долбоор тууралуу азыр айтылып жаткан маалыматтардын 90% ашыгы жалган экенин, ага карабай компания Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча долбоорду токтоторун" билдирди.  Мунун алдында «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Светлана Менг "Азатыкка" берген комментарийинде кенди... Читать дальше...

УКМК: «Гарсу Пасаулиске» карата мурда эки иш козголгон экен

Azattyk.org 

«Гарсу Пасаулис» компаниясына карата мурда Брюссел прокуратурасы эки кылмыш ишин козгогон. Мындай маалыматты «Reuters» агенттиги 2017-жылы жарыялаганын бүгүн 24-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, аталган ишкана шектүү экенин эл аралык серепчилер да эскертишкен.  - Коррупцияны жана уюшма кылмыштуулукту изилдөөчү эл аралык борбордун серепчилери да “бул фирма жакшы эмес” деп айтышкан. Ошого... Читать дальше...

Бишкек: Көчөдө жаткан шектүү баштык текшерилди

Azattyk.org 

24-апрелде, саат 11:05те Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Тыныстанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү баштык табылганы жөнүндө телефон чалуу болгон. Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери шашылыш жетип барган. Аталган аймак кайтарууга алынган. УКМКнын адистери шектүү предметти жана ага жакын жайгашкан жерде жардыруучу зат бар-жогун текшерип чыгышты. Натыйжада кооптуу эч нерсе табылган жок.... Читать дальше...

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына иш ачылды

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясынын (А.А.) мыйзамсыз аракеттери жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы топтогон материалдардын негизинде кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева билдирди. Коррупцияга каршы кызмат факт боюнча аталган сотко карата «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодекстин (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон) 238-беренеси («Айдоочулардын... Читать дальше...

Мектепте чогултулган акчанын эсебин сураган ата-энелер митингге чыкты

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Ата-энелер мектеп директорун биротоло иштен алууну талап кылып жатышат. Митингге чыккандар менен Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жолугуп, маселе чечилерине убада берди. Ата-энелер болсо парламент депутаттардын алар менен жолугушуусун күтүп жатышат. Аталган мектептин ата-энелери эки жумадан бери маселени көтөрүп... Читать дальше...

Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор уран казыларын билген

Azattyk.org 

Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор ал жерде уран өндүрүлөрүн билишкен. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:  - «Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. Читать дальше...



Кытайдан келген 60 автобус пайдаланууга берилди (видео)

Azattyk.org 

Кытай мамлекетинен алынып келген жаңы 60 автобус Бишкек шаарына жеткирилди. 24-апрелде аларды пайдаланууга берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Баш калаанын жетекчиси Азиз Суракматов билдиргендей, бул транспорт каражаттары газ менен жүрөт. Экологиялык жактан тазалыгы жана сарамжалдуулугу үчүн автобустун ушундай түрү тандалып алынган. Мындан сырткары автобустар сыртын жана ичин тарта турган видеокамералар менен жабдылган. Автобустар ишке кирсе, электрондук билет менен камсыздалат. Читать дальше...

Өкмөт: Пиар кылбай тынымсыз иштеп жатабыз

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, иштин жыйынтыгын баалоо кийинки үч жылдан бери интегралдык көрсөткүчтөрдүн суммасынын негизинде жүргүзүлүп келет. Ал негизги төрт көрсөткүчтөн турат: өкмөттүн программаларынын аткарылышы, жалпы мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы, калктын ишеним индекси жана өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициялары. - Булардын баарынын... Читать дальше...

Сириядан кайткан кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Сирия аймагында диверсиялык даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келди деген 28 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмга кошулуп кеткени такталып, издөөдө жүргөн. "Ал 2018-жылдын ноябрь айында уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда жашыруун ячейка түзүү үчүн кайтып келген. Колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу... Читать дальше...

Бүгүн Казакстанда кармалган экс-депутатка өкүм чыгышы мүмкүн

Azattyk.org 

24-апрелде Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке айыпталган Дамирбек Асылбек уулуна жана аны менен кошо кармалган кыргызстандыктарга карата соттун өкүмү чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын жакындары маалымдады. Өткөн отурумда прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган.  Быйыл... Читать дальше...

Мектептеги акча чогултууга каршы ата-энелер акцияга чыгышат

Azattyk.org 

Эки аптадан бери Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып жатышат. Алар буга чейин тийиштүү органдарга кайрылышкан. Бул боюнча териштирүү башталып, мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилгени маалым болду. Бирок аталган мектепте эки баласы окуган Чынара Алиеванын айтымында, ата-энелер мектеп директорун биротоло иштен алууну талап кылып 24-апрелде парламент алдына акцияга чыгашарын маалымдады. Читать дальше...

Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын алуу сурамжылоо менен чечилет

Azattyk.org 

Айрым шаар тургундары Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын алууну сунуштап жатышат. Алардын жүйөөсүндө, шаардын ортосундагы сейил бакча жашыл аймак гана болушу керек. Бишкек шаарынын вице-мэри Рысбек Сарпашев бул маселе сурамжылоо аркылуу чечилерин айтты. - Балдар аянтчаларын алып салууну сунушташты. Бирок биз аны өзүбүз эле чече албайбыз. Азыр сурамжылоонун токсон пайызы ага каршы болуп жатат.  Шаар тургундарынын бул сунушу социалдык тармактарда кескин сынга кабылды. (TSh)

Бүгүн парламент өкмөттүн отчетун угат

Azattyk.org 

23-апрелде парламенттеги эки комитет өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасын угуп, жактырды. Эми 24-апрелде өкмөт толук курамы менен парламенттин жалпы жыйынында өткөн жылда жасаган иштери жөнүндө айтып берет. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт былтыр апрель айында куралган. Андан бери өкмөттүн курамында бир нече өзгөрүү болуп, бир катар министрлер алмашты. Мыйзам боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке жылына бир жолу, адатта апрель айында отчет берет. (TSh)

Индонезияда шайлоодо иштеген 100дөй адам чарчоодон каза болду

Azattyk.org 

Индонезияда шайлоодо жалпы шайлоо комиссиясынын 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканага түшкөнүн Antara агенттиги кабарлады. Ал эми Индонезиянын полициясы 15 кызматкери каза тапканын маалымдады. Борбордук шайлоо комиссиясы төрагасы Ариф Будиман кызматкерлеринин өлүмүнүн себебин добуш берүү жана аларды саноо иштеринде иш убактысы бир күндөн ашык созулгандыктан алар алсырап, суй жыгылышкан деп билдирди. Ал эми полиция кызматкерлери чарчагандыктан жана жол кырсыгынан каза болушкан.  17-апрелде... Читать дальше...

Кыргыз-Тажик чек арасында дагы чыр чыкты

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 24-апрель, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Бул жолу Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавынын белгисиз жараны Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан Ак-Сай айылынын 2-класстагы окуучусун алып кеткени аныкталгандан кийин чыкты.

Новости России
Москва

Терапевт Кондрахин посоветовал идти к врачу при наличии болей в грудной клетке


Сулайманов өкмөттүн аймактагы өкүлү кызматын жоюуну сунуштады

Azattyk.org 

Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов комитет жыйынында өкмөттүн аймактардагы өкүлү кызматын жоюуну сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, айыл өкмөт башчылары премьер-министр менен түз иштеп, ортомчулар болбошу керек. - Айылдык кеңештин депутаттарын эл шайлайт, алар айыл өкмөттү шайлашат. Демек, губернаторлордун, акимдердин айыл өкмөттөрүнүн үстүнөн карап, көзөмөлдөгөнгө моралдык укугу жок. Губернаторлор айыл өкмөттөргө басым жасагандан башка иш кылбайт. 30 жылдан бери СССРдин убагындай түшүнүк менен жашап жатабыз. Читать дальше...

Украина: Зеленский добуштардын 73,22% алды

Azattyk.org 

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бардык протоколдордун жыйынтыгы менен актер Владимир Зеленский 73,22 пайыз добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, ага 13,5 млн жаран добуш берген. Ал эми Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенкого 24,45%, башкача айтканда 4,5 миллионго  жакын шайлоочу добуш берген. Боршайком 2,31% бюллетенди жараксыз деп тапты. Экинчи айлампага шайлоочулардын 61,37% катышкан.   21-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгын Зеленскийдин оппонентти Петр Порошенко тааныды. Читать дальше...

Өкмөт штаттык оптималдаштыруудан 85 млн сом үнөмдөдү

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттеги тийиштүү комитет жыйындарында мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу боюнча өкмөттүн аракеттерин айтып берди. Абылгазиевдин айтымында, 2018-жылы аткаруу бийлигинин штаттык структурасын изилдөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардагы бирин бири кайталган укуктары жоюлуп, айрымдары бириктирилди. Бир жарым миң штаттык бирдик оптималдаштырылып, андан 85,3 млн сом үнөмдөлдү.  Былтыр... Читать дальше...

“Чыгыш бермет саптары” поэзия кечеси өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 24-апрелде саат 16:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Чыгыш бермет саптары” атту поэзия кечеси өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, чыгыш элдеринин ырларын ар улуттун өкүлдөрү өз тилинде окушат. Ошол эле ырларды кыргыз акындары кыргызча жаңыртышат. Кирүү акысыз. (TSh)

"Ата-Мекен": 3-майда митинг болбойт

Azattyk.org 

Жогорку соттун коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурумун 3-майга белгилеген. Себеби  ишке катышып жаткан прокурор материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга убакыт сураган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.  «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 3-майда сотко жактоочулар жана тарапташтар гана барарын маалымдады.  Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Янник Синнер не приедет на турнир ATP-500 в Вену






Свежая сводка с фронта СВО от Юрия Подоляки 28.09.2024: срочные новости приходят с Селидово-Кураховского направления

Последние слова вдовы Мадянова у могилы, слезы сына: “Мне не горько, мне обидно”

Захарова: Запад не заинтересован в расследовании теракта на «Севпотоках»

«Альтернатива новой организации мира»: почему всё больше стран заявляют о заинтересованности в БРИКС