«Манас Менежменттеги» мандем
Буга чейин коррупциялык чуулгандуу иштерге байланыштуу аты чыккан, «Манас» аба майданына караштуу «Манас Менежмент» компаниясынын жетекчиси Асан Токтосунов кызматынан кетти.
Буга чейин коррупциялык чуулгандуу иштерге байланыштуу аты чыккан, «Манас» аба майданына караштуу «Манас Менежмент» компаниясынын жетекчиси Асан Токтосунов кызматынан кетти.
Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн Луганск облусунда көмүр шахтасындагы жарылуудан каза тапкандардын саны 17 адамга жетти. Алардын баарынын сөөгүн орусиялык куткаруучулар алып чыгышты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Схидкарбон» шахтасына өз куткаруучуларын жикчилердин лидерлеринин өтүнүчү боюнча жибергенин маалымдады. Украинанын куткаруучуларына ал жакка кирүүгө уруксат берилген эмес. 25-апрелде жер алдында метан газы жарылып, шахтанын айрым бөлүгү урап түшкөн. ... Читать дальше...
Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Европага мунай жеткирүүчү куур боюнча тиешелүү мекемелер бир жума ичинде териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөтүшү керек деген талап койду. Ага чейин өлкө президенти Владимир Путин териштирүү иштери биринчи кезекте куурду тейлеген «Транснефть» компаниясында жүргүзүлүшү керек экенин айткан. Ал эми вице-премьер-министр Дмитрий Козак Орусия «Достук» кууру аркылуу Европага мунай жөнөтүүнү эки жумадан кийин калыбына келтирерин ишемби күнү билдирген. Читать дальше...
Эгер Иран Перс булуңунда кандайдыр бир коркунуч жаратуучу кадамдарга бара турган болсо аны ооздукташ үчүн АКШнын ресурстары жетиштүү. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи билдирди. «Sky News Arabia» телеканалынын маалыматына караганда, ал зарыл болсо Иранга каршылык көрсөтүлөрүн айтты. Маккензи ошондой эле «Иран коркунучуна каршы биргелешип аракет кылыш үчүн АКШ аймактагы өнөктөштөрү жана достору менен байланышта» экенин кошумчалады. Читать дальше...
Пакистан жугуштуу шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүн токтото турууну чечти. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна өлкөнүн cаламаттык сактоо мекемеси ырастады. Полиомиелитке каршы жалпы улуттук өнөктүктүн алгачкы аптасында эле бир медицина кызматкери жана аларды коштоп жүргөн эки полиция кызматкери каза тапты. Өнөктүктү токтотуу жөнүндө чечим өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки адам ушул ооруга чалдыкканы тууралуу кабарга карабастан кабыл алынды. Пакистанда жугуштуу шал оорусунун жайылышы өтө кооптуу абалда. Читать дальше...