Туризм тармагындагы мыктыларга сыйлык тапшырылат
Бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте Дүйнөлүк туризм күнүн утурлай «Kyrgyz Tourism Awards» улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи жалпы коомчулуктун катышуусу менен өтөт. Сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти жарыялаган. Министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева «Азаттыкка» билдиргендей, жалпысынан 17 номинация боюнча мыктылар тандалды. Аларды атайын комиссия тандады. «Kyrgyz Tourism Awards» өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу жана туризм тармагында иштеген кызматкерлерди шыктандыруу максатын көздөйт.