Кыргызстандык ишкер түрк элчисин рейдерликке айыптоодо
Бишкектеги "Вефа" соода борборунун азыркы ээси - "Аруу Жылдыз" ишканасынын жетекчиси Умсун Назарбекова 18-февралдагы маалымат жыйынында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат аталган соода борборун тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптады: “Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым, абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, “Вефа” соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын кандай укугу бар. Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Баардык отурумдардан утуп чыктык. Читать дальше...