Бир мандаттуу округдан арыз берген талапкерлердин 80и расмий катталды
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ин расмий талапкер катары каттады. Алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы, мурдагы депутаттары, юрист, адвокаттар бар. Катталган талапкерлердин тизмеси БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту. Читать дальше...