Маңзат жеткиргендердин сабалышына байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгоду
Социалдык тармактарда маңзат жеткирип иштегендердин сабалганы тартылган тасма боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин козгоду. Министрликтин басма сөз кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирүү иштери башталганын 31-мартта билдирди. Бул кылмыштын курмандыгы болгондорду Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууга чакырды. “Жеңил акча сунуштаган шектүү шилтемелерге азгырылуудан сак болуңуздар. Мындай акча сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн. Баңги кылмыштарынын дүйнөсү өтө катаал!"... Читать дальше...