Депутат Өмүрзаков Баткенди калыбына келтирүү ишине катышкандар акчасын ала албай жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө катышкан ишкерлер акчасын ала албай жатканын айтты. Эл өкүлү 30дан ашуун ишкердин кайрылуусу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитетке келип түшкөнүн парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди. "Төраганын атына жана биздин комитетке Баткен окуясында зыян тарткан үйлөрдү калыбына келтирип жаткан ишкерлерден арыз түштү. "Аманат строй" деген фирма бар экен. Читать дальше...