Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 28.05.2023

Ленин шайлоо округу: 10:00гө карата эки миңдей адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, саат 10.00гө чейин бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 2007 адам добуш берди жана бул жалпы шайлоочулардын 1,61% түздү. Президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова бул округдан добуш берди. БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди. 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз... Читать дальше...

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды

Azattyk.org 

Жекшембиде өлкө боюнча 190 миңден ашык добушканада дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. Президенттикке учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышууда. Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берери күтүлүүдө. Эрдоган-Кылычдароглунун жарышы Түркиянын тарыхында экинчи айлампага калган алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейин өлкө президенттери биринчи айлампада эле белгилүү болуп келген. Читать дальше...

БШК: Бишкекте шайлоодогу мыйзам бузууга байланыштуу алты арыз түштү

Azattyk.org 

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00гө чейин алты арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын ырасташынча, кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу. Шайназаровдун айтымында, Ленин райондук милициясы төрт арызды териштирүүдөн баш тартты, ал эми добуш сатып алууга байланыштуу эки кайрылуу текшерилип жатат. Бүгүн, 28-майда Ленин округу... Читать дальше...

Түркия: президенттик шайлоодо ким жеңет?

Azattyk.org 

28-майда Түркияда шайлоонун экинчи айлампасы башталды. 14-майда добуш берүүдө жеңүүчү аныкталбай, президент Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон. Бүгүн Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.

Бишкекте бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарындагы №26 бир мандаттуу Ленин округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды. Бул райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар. Читать дальше...

Ленин округу: парламент депутатын шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

29 талапкердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу, Акыл Айтпаев тергөө абагында. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров да бар.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Курникова

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса






"Сибирские врата ада" в Якутии расширяются быстрее, чем предполагали ученые

«Самую маленькую дозу»: Решетова призналась в приеме препарата для похудения

Бывшего главу "Автодора" Кельбаха приговорили к 12 годам колонии

Симптомы ботулизма назвал россиянам Минздрав