Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 10.10.2023

Матраимов менен Көлбаевди байланыштырган жагдайлар

Azattyk.org 

УКМК өткөн аптада атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовду кармады. Ага чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орус басары, көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төккөн Райымбек Матраимов атайын кызматка сурак берип чыккан белгилүү болгон. «Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары кыргыз бажысындагы көмүскө схеманы эки жылга чукул иликтешкен. Читать дальше...

Израилде ХАМАС тобунун чабуулунда курман болгондордун саны миңден ашты

Azattyk.org 

Израилде ХАМАС тобунун чабуулунда курман болгондордун саны миңден ашты. Бул тууралуу шейшембиде Израилдин АКШдагы элчилиги билдирди. Жабыркагандар 3,5 миңге жакын. Кол салуу болгон конуштардан сөөктөр табылып жаткандыктан, каза тапкандардын саны улам өсүүдө. Шейшемби күнү эртең мененки расмий маалыматка караганда, Израилдин 123 жоокери салгылашууда курман болгон. Ал эми Израилдин ХАМАСтын Газа тилкесиндеги турумдарына соккуларынын натыйжасында 800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, 4 миңден ашууну жараат алды. Читать дальше...

Армениянын премьери Никол Пашинян Бишкектеги саммитке катышпайт

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 13-сентябрь күнү Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын жыйынына келбейт. Бул тууралуу Пашинян өзү бүгүн, 10-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурунда билдирген. Кыргызстандын президентинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү Пашиняндын демилгеси менен болгон. Тараптар эки өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди... Читать дальше...

Казак-орус чек арасында калган мигранттар Кыргызстанга жеткирилди

Azattyk.org 

Орусияга кирүүгө уруксат берилбей, орус-казак чек арасында калып калган кыргызстандык мигранттар бүгүн, 10-октябрда мекенине кайтып келишти. Аларды кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тосуп алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. "Алматыдагы Башкы консулдуктун жардамы менен мекендештерибиз 10-октябрда, күүгүмдө кыргыз-казак чек арасындагы Акжол (Кордай) көзөмөл-өткөрүү... Читать дальше...

ЖК комитетинде жеке маалыматтардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев кыргызстандык жарандардын идентификациялык номуру, манжа издери сыяктуу жеке маалыматтарынын коопсуздугуна кабатырлыгын билдирди. Депутат 10-октябрда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында коопсуздук маселеси боюнча санарип министри Нурия Кутнаевага бир катар суроолорду берди: "Датка" деп аталган мекеме бардык жарандардын жеке маалыматтарына ээлик кылат. Андагы программалар кимге таандык? Читать дальше...

Абактагы Адахан Мадумаровдун иши сотко өттү

Azattyk.org 

Израил Газа тилкеси менен чек арасын толук көзөмөлгө алганын билдирди. Израилде ХАМАСтын чабуулдарынан 900дөн ашык, ал эми Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан 700гө жакын адам набыт болду. Жогорку Кеңештин дагы бир тармактык комитети “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм бул документ элге зыянын тийгизерин айтты. Атайын кызмат Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина”... Читать дальше...

Поммершайм: АКШ жаңы келишимге кол коюуга даяр

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал Кыргызстан менен АКШнын алакасы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Элмурза Сатыбалдиев Беларуста Бакиев менен жолукканын ырастады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев парламенттик расмий делегациянын Беларустагы соңку сапары учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугуп келгенин 10-октябрда “Азаттыкка” ырастады. Ал Бакиевдин аялына куран окутуш үчүн “депутат эмес, катардагы адам катары демилге көтөрүп, учурашып келгенин”, 1-2 саат сүйлөшкөнүн айтты жана жолугушуу анын үйүндө эмес, башка жерде болгонун билдирди: “Мен да ушул делегациянын катарында бардым, бирок өз каалоом менен Курманбек Салиевичке жолуктум. Читать дальше...



Израил Газага сокку урууну улантууда

Azattyk.org 

Жөөт армиясы ошондой эле Газадагы буталарга сокку урууну улантууда. 7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип баргандан кийин аймакта куралдуу жаңжал күчөдү.

Кыргызстанда аба ырайы суук болуп, үшүк жүрөт

Azattyk.org 

13-15 октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында карга айланат. Тоолорго кар жаайт. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Абанын температурасы бул күндөрү Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында түнкүсүн -1…-3° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түндө абанын табы 2…7° чейин төмөндөп, күндүз 11…16° болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6°, айрым аймактарда 0…-2° чейин суу болуп, үшүк жүрөт, күндүз 5…10° жылыйт. Читать дальше...

"Жакынын ишке киргизүүнү сураган". Депутаттар кадр маселесине кантип кийлигишет?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова тууганын жумушка орноштуруу жөнүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен сүйлөшкөнүн жокко чыгарды. Ошол эле маалда министр мындай мазмундагы баарлашуу болгонун ырастады. Мунун алдында 24.кж сайтынын журналисти парламентте экөөнүн жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүсүн жаздырып алып, анда "Нарматова тууганын жумушка алууну сураганын" билдирген. Бул коомчулукта талкуу жараткан. Буга чейин дагы айрым министрлер аларга кайсы бир депутаттар тууган-жакынын жумушка коюуну суранып... Читать дальше...

Австрияда Гитлер төрөлгөн үй полиция башкармалыгы болуп өзгөртүлүүдө

Azattyk.org 

Көп жылдык талаш-тартыштан кийин Австриянын Браунау-на-Инне шаарында Адольф Гитлер туулган үйдү аймактык полиция башкармалыгы кылып өзгөртүү иштери башталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Адольф Гитлер туулган үйгө улутчулдар топтолуп, зыярат кылуучу жер кылып алгандыктан, Австриянын Ички иштер министрлиги аны полиция кеңсесине айлантуу чечимин 2019-жылы кабыл алган. Оңдоп-түзөө үчүн Европанын бир топ өлкөлөрүнөн архитекторлор чакырылып, сунуштар каралган. Адольф Гитлер 1889-жылы... Читать дальше...

Казакстан зилзалада зыян тарткан Ооганстанга куткаруучу жөнөттү

Azattyk.org 

Кыйраткыч жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга казакстандык куткаруучулар тобу жөнөп кетти. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-октябрда билдиргендей, 45 кишиден турган топтун курамында куткаруучулардан тышкары кинологдор жана дарыгерлер бар. 7-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала 2445 адамдын өмүрүн алганын "Талибан" өкмөтү түзгөн табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмү билдирди. Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алган.

Жакынкы Чыгыш: Газаны гуманитардык апаат коркунучу тооруду

Azattyk.org 

Израилдин Куралдуу күчтөрү шейшембиде Газа тилкеси менен чек араны кайрадан өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Жөөт армиясы ошондой эле Газадагы буталарга сокку урууну улантууда. 7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган. Израилдин армиясынын расмий өкүлү Даниэл Хагаринин айтымында, дүйшөмбүдөн шейшебиге чейин бир да террорчу Газа менен чек арадан өткөн жок. Ал жерди миналардан тазалоо иштери уланууда. Маалыматка караганда, Израилдин аймагында ХАМАСтын бир нече мүчөсү жашырынып жүрөт. Читать дальше...

Айдоочуга салынуучу айыппул туумун жокко чыгаруу сунушу талкууланды

Azattyk.org 

Айдоочуга салынуучу айыппулдун туумун алып салуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 10-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда талкууланып, колдоого алынды. Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштоодо. Эгер ал жалпы парламентте колдоо таап, кабыл алынса, айыппулдун тууму жокко чыгарылат: “Буга чейинки төлөнбөгөн жана мындан кийинки дагы туумдар болбойт. Читать дальше...

БУУ Газадан 200 миңдей киши жер которууга мажбур болгонун билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык кеңсеси 10-октябрда билдиргендей, Газада төртүнчү күнү катары менен уланып жаткан калабада 200 миңдей киши үй-жайын таштап кетти же кетүүгө камынууда. Бул сан Газадагы калктын дээрлик ондон бирин түзө турганын Reuters агенттиги жазды. Спикер Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргендей, жер которгондордун көбү мектептерде баш калкалап жатышат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Газадагы саламаттык сактоо мекемелерине өткөн апта соңунан бери 13 кол салуу болгонун... Читать дальше...

Абак күндөлүгү: Эркиндик башаты - үй-бүлөдө

Azattyk.org 

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Олжобай Шакир абактан жазган жаңы катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Өткөндө “Азаттыкка” жөнөткөн “Күндөлүк” ичиндеги “Эл жөнүндө эссе” дегеним жарыкка чыктыбы, жокпу билбейм. Себеби адвокатымдан баарын сурап териштирүүгө ар дайым эле убакыт жетпейт. Читать дальше...

ЮНИСЕФ окуучу кыздардын укугу тууралуу иш-чара уюштурду

Azattyk.org 

11-октябрь - Кыздардын эл аралык күнүн утурлай, ЮНИСЕФ "Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин бакубатчылыгыбыз" деген темада иш-чара өткөрдү. Ага Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы мектептердин окуучу кыздары катышып, бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөсүндөгү көрүнүктүү аялдардын кеп-кеңешин угушту. Андан тышкары кыздардын интеллекти боюнча сынактар өтүп, жарманке уюштурулду. 50 миңден ашуун кыз катышкан "Илимдеги кыздар" программасынын бет ачары болду. ... Читать дальше...

Блогер Адилет Балтабай дайынсыз болуп жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек дайынсыз болуп жатканын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап кетишкени айтылып жатканын бүгүн 10-октябрда “Азаттыкка” жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди. Жапарованын айтымында, бул тууралуу ага Сокулук районундагы пробация мекемесинин кызматкерлери билдиришти. Бүгүн Адилет Балтабай ал жакка кезектеги каттоо үчүн барган. “Пробация бөлүмүнө кеткен. Ошол жактан кармашыптыр. Читать дальше...

Новости России
Москва

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»


Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" ордени ыйгарылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге "Достук" орденин 9-октябрда тапшырды. Сыйлыкты тапшырып жатып, мамлекет башчысы ордендин маанисин түшүндүрдү. "Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт", - деп белгиледи Садыр Жапаров. Президент ошондой эле кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык... Читать дальше...

Израил Газа тилкеси менен чек арада көзөмөлдү калыбына келтирди

Azattyk.org 

Израил Газа тилкеси менен чек арасын толук көзөмөлгө алганын армиянын өкүлү Даниел Агари 10-октябрда билдирди. "Акыркы 24 саатта бир дагы террорчу тосмодон өткөн жок. Азыр миналардан тазалоо иши жүрүп жатат", - деп кошумчалады Хагари. Израил армиясы ХАМАСтын бир нече мүчөсү дагы деле Израилдин аймагында жашырынып жүргөнүн белгиледи. Такталган маалыматтарда Израилге чабуул коюлгандан бери 1 500 согушкер жок кылынганы айтылат. 10-октябрга карата Израилде ХАМАСтын чабуулдарынан каза болгондордун саны 900дөн ашты. Читать дальше...

Өзбекстанда абактагы блогер Абдукодир Муминов жаза камерасына киргизилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жаза аткаруу департаментинин тергөө абагында отурган блогер Абдукодир Муминов "түзөтүү мекемесинин ички эрежесин бузганы үчүн" 9-октябрда 10 күнгө карцерге киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына блогердин апасы Сабохат Абдуллаева билдирди. Ал уулунун  жаза камерасына киргизилишине анын 6-октябрдагы апелляциялык сотто сүйлөгөн сөзү себеп болгон деп эсептейт. 6-октябрдагы отурумда Абдукодир Муминов президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, абакта аны кыйноого алышканын айткан. Читать дальше...

“Чет элдик өкүл” мыйзамы парламенттик дагы бир комитетте биринчи окууда колдоо тапты

Azattyk.org 

“Чет элдик өкүл” мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин дагы бир комитетинде колдоо тапты. Бүгүн 10-октябрда маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте каралып, концепциясы биринчи окууда жактырылды жана 17-октябрда парламенттик талкуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Мыйзам долбоору тууралуу демилгечи Надира Нарматова маалымат берди: «Бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок. Читать дальше...

11-октябрда күн ачык болот

Azattyk.org 

11-октябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

Бажы кызматынын төрагасы Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 10-октябрдагы отурумунда депутат Алишер Козуев кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал сентябрда Казакстан тарап октябрь үчүн жүк өткөрүүнүн планын бекитпей созуп келгенин белгилеп, бул Кыргызстан тарапка канчалык зыян келтиргенин сурады. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев Казакстан тараптан күйүүчү майды өткөрүү чектелген маалда 200 млн сомдой салык түшпөй калганын маалымдап... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд






Очевидец заснял момент стрельбы на Медынской улице в Москве

Вышло за рамки: теперь возможно стать чемпионом игры «Камень, ножницы, бумага»

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Бонгонда назвал свои любимые места в Москве