Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 28.10.2023

Айгашканын ичти өрттөгөн күйүтү

Azattyk.org 

Кылычбек Айгашканын күлүк жарышта биринчи болуп келишин эңсечү. Чоң жарышта алдыга озуп, сый-урматка, даңкка бөлөнүш үчүн жылкынын табын билип, мыкты суутуш, тапташ керек экен. Антиш колунан келбегени менен күлүгүн өзгөчө аспиеттеп асырады. Жаны менен бир болуп калган Айгашканы колхоз этке деп тартып алып бригатка ат кылып берди. Кара сөз генийи Ашым Жакыпбековдун “Айгашка” аңгемесиндеги адам жана жаныбар таржымалы. Үй, эт план Ушу тапта бир топтор тамшанып эстеп жүргөн эсил кайран социализмдин... Читать дальше...

Кыргызстан "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактарын алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактарын алды.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, жаңы алынып келген "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттарынын (дрон) базасы менен таанышты. Базанын инфратүзүмү, дрондордун чек араны кайтаруу күзөтүн уюштуруу ишин көрдү. Садыр Жапаров “Акынжы” жана “Аксүнгүр” дрондору өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынганын белгилеген.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу жеке өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айтты. Садыр Жапаров көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. "Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп жазылган президенттин телеграммасында. Читать дальше...

Иранда хижабсыз жүргөнү үчүн кармалган кыз ооруканада каза болду

Azattyk.org 

Иран бийлигине караштуу Borna.news агенттиги маалымдагандай, 16 жаштагы Армита Герванд оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир жума жаткандан кийин кайтыш болду. Укук коргоочулар ал хижабсыз жүргөнү үчүн кармалганда катуу жараат алганын айтышууда. Расмий маалыматта кыз кан басымы кескин түшүп кеткендиктен, метродо кулап, башы жарылып, мээси чайкалганын, бул гипоксияга жана мээнин шишип кетишине алып келгени айтылат. Ооруканага жеткирилген Армита комага түшкөн. Окуядан бир нече күндөн кийин Hengaw... Читать дальше...

Шахтадагы кырсык: казак президенти көңүл айтты

Azattyk.org 

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсык 32 өмүрдү алды. 17 кенчи ооруканага жаткырылды, жер астында ондогон адамдар калууда. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту.

Казакстандагы “ала качуу” көйгөйү, Кыргызстандын сабагы

Azattyk.org 

Казакстанда ушул тапта кыз “ала качуу” же никеге мажбурлоо үчүн адамды уурдоого карата жаза каралып жатат. Казакстандык укук коргоочулар соңку жылдары өлкөдө ала качуу көйгөйү күчөгөнүн белгилешет. Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири.

Газа: Бишкекте согушту токтотууга чакырган акция дагы өттү

Azattyk.org 

Бишкекте Газа тилкесинин тургундарын колдогон экинчи акция өттү. Ага 300дөй киши катышып, тараптарды тынчтыкка чакырды. Чогулгандар Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайы банктык эсеп ачылганын билдиришти. Ушул эле акция 21-октябрда да өткөн.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолугушту

Azattyk.org 

22-28-октябрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтордун жолугушуусу болду. Тараптар кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкелерин андан ары баяндап жазуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Тажикстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат. Читать дальше...



Карагандыдагы каргаша: Кенде каза тапкандар 40тан ашты

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсыктын курмандыктары 43кө жетти. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, 43 кишинин денеси табылган. Дагы үч кенчи изделип жатат. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. «Же тирүүсү, же өлүүсү белгисиз» Кенчилердин ондогон туугандары шахтанын кирүү пунктунда жакынын күтүп турат. Кендин оозунда "Тез жардам" жана полициянын машинелери, журналисттер жүрөт. Костенко атындагы шахтадагы ишемби ушинтип өттү. Читать дальше...

Караганда: көмүр кениндеги кырсык отуздан ашуун өмүрдү алды

Azattyk.org 

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсык 32 өмүрдү алды. 17 кенчи ооруканага жаткырылды, жер астында ондогон адамдар калууда. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, кырсыктын себептери иликтенип, куткаруу операциясы уланып жатканын билдирди. Читать дальше...

АКШ президенти Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Ван И Америкада үч күндүк визит менен жүргөн. "Америка авазы" радиосу кабарлагандай, аңгемелешүү бир саатка созулду, ага АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катышты. Американын президенти сөзүндө АКШга да, Кытайга да атаандаштыкка жоопкерчилик менен мамиле кылып, ачык байланышты колдоо зарылчылыгы турганын белгиледи. Байден дүйнөдөгү глобалдык маселелерди... Читать дальше...

29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү жарыяланды

Azattyk.org 

Караганды облусундагы көмүр шахтасындагы өрттөн 32 адам каза тапканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Аза күтүү күнү деп жарыялады. Казак президенти кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко шахтасына барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, авариянын себептери иликтенип, куткаруучу операциялар уланып жатканын билдирди. Расмий мааымат боюнча шахтадагы авариядан набыт болгондордун саны 32 адамга жетти. Читать дальше...

Баткен: чек арадагы дүкөн аткезчилик менен алектенгени аныкталды

Azattyk.org 

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш “Худжанд-Жаштык-Канибадам” автоунаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампасын текшерген учурунда айрым товарлардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 28-октябрда билдирди. Кампадан 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү алынды. Атайын кызмат кабарлагандай... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрмө бекет ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жаңы "Чаар-Кудук" көзөмөл-өткөрмө бекети ачылды. Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунда жайгашкан чек ара бекетинин ачылышына президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда катышты. Мамлекет башчы чек арачыларды кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга үндөдү. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөрмө бекеттин курулушу сентябрда башталган. Чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл шарттар менен жабдылган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Бишкек шаарына 31-октябрда жылуулук берилет

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаада жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштайт. Мындай жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Маалыматка ылайык, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакча, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө кое берилет. Борбор калаага жылуулук жыл сайын абанын температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо берилет. Былтыр Бишкекте жылуулук берүү 26-октябрда башталган. Читать дальше...

Кыргызстан Израил-ХАМАС боюнча БУУнун резолюциясын колдоду

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) израил аскерлерин жана ХАМАСтын согушкерлерин "токтоосуз бекем, туруктуу гуманитардык тынчтыкка чакырган " резолюциясын Кыргызстан кубаттап добуш берди. БУУнун Башкы Ассамблеясынын Твиттердеги баракчасында резолюцияга 120 өлкө макул, 14 өлкө каршы добуш берген. Бир канча өлкөлөр калыс турумду карманса, айрымдары добуш берген эмес. Резолюцияда БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналык жана израилдик жай тургундарга зомбулукту айыптай турганы жазылган. Согуштук аракеттерди тезинен токтотуу... Читать дальше...

Мусаев: Усубалиевдин конокко барганын көргөн эмесмин

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз ССРнин мамлекеттик коопсуздук комитетинин офицери Курманбек Мусаев болмокчу. Ал маегинде кантип “канторага” келип калганын, Усубалиевге жансакчы болгонун, анын коопсуздугунун корголушу, Черненко, Ибраимов, Айтматов менен мамилеси, достору, коллегалары менен карым-катышы, ж.б. суроолорго жооп берген.

Бишкекте Газанын тургундарын колдогон акция уланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-октябрда болжол менен 300дөй адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын улантышты. Алар “Палестинага боштондук”, "Кыргынды токтоткула" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, акция өтүп жаткан жерде милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп турат. Газанын тургундарын колдоо акциясы Бишкекте 21-октябрда да болгон. Анда катышуучулар Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин көтөрүшкөн. Читать дальше...

Новости России
Москва

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Казакстандагы шахтада набыт болгондордун саны 16га жетти

Azattyk.org 

Караганды облусундагы Костенко көмүр кенинде өрттөн каза болгон шахтерлордун саны 16га жетти. Буга чейин 11 адам набыт болгону кабарланган. Шахтадагы өрт 28-октябрда чыккан. Кырсык маалында жер алдында 252 адам болгон, сыртка 205 шахтер чыгарылды. Алардын ичинен 18 адам ооруканага жеткирилген. Ушу тапта шахтада дагы он чакты киши бар. "АрселорМиттал Темиртау" ишканасынын жетекчилиги шахтадагы өрт метан газы жарылгандан улам чыгышы ыктымал экенин билдирүүдө. Казакстандын президенди Касым-Жомарт... Читать дальше...

27 млн сомго шарпка жана кутурмага каршы вакцина сатылып алынат

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринария кызматы шарп жана кутурмага каршы вакцина сатып алууну көздөөдө. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, шарпка каршы 787 878 доза вакцина, ал эми кутурмага каршы 45 455 доза сатып алынат. Бул эки илдетке каршы вакцинаны сатып алууга министрликтин бюджетинен 26 млн 999 984 сом бөлүнөт. Кыргызстанда акыркы убактарда кутурма илдети жайылганы кабарланган. Жаныбарлардан кишилерге жуккан учурлар катталган. Октябрь айынын башында... Читать дальше...

Израил БУУнун тынч сүйлөшүүгө чакырган резолюциясын сындады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Израил аскерлерин жана ХАМАСтын согушкерлерин "токтоосуз бекем, туруктуу гуманитардык тынчтыкка чакырган " резолюциясын Тель-Авив "осол" деп атады. Иордания сунуштаган резолюцияны БУУдагы 120 өлкө, анын ичинде Орусия да колдоду. 14 өлкө - Израил, АКШ, Австрия, Венгрия, Хорватия, Чехия, Гватемала, Парагвай жана Океаниядагы Австралия баштаган алты өлкө каршы добуш берди. 45 өлкө калыс калганын билдиришти. Бир нече өлкө добуш берүүгө катышкан жок. Добуш берүүдөн... Читать дальше...

Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн 11 адам набыт болду

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусундагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында өрт чыгып, 11 кенчи набыт болду. Бул тууралуу облустун акими Ермаганбет Булекпаев 28-октябрда маалымдады. Анын сөзүнө караганда, бүгүн, 28-октябрда жергиликтүү убакыт менен саат 9:00го карай, 18 адам ооруканага жеткирилди. Караганда облусунун жетекчилиги өрт чыккан учурда шахтада 252 адам болгонун маалымдоодо. Сыртка 205 шахтер чыгарылган. Жер алдында дагы кишилер бар. Аким Фейсбуктагы... Читать дальше...

АКШда демократ Дин Филлипс шайлоодо Байдендин ордуна чыгуу ниетин билдирди

Azattyk.org 

Миннесота штатынан шайланып келген конгрессмен, 54 жаштагы Дин Филлипс 2024-жылы болуучу президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан талапкерлигин коюу ниетин билдирди. "Америка авазы" маалымдагандай, ал партиянын атынан Байден менен атаандашууну көздөөдө. Басылма Филлипстин мындай үмүтүнө Байдендин курагы негизги себеп болуп жатканын белгилеген. Дин Филлипс – Өкүлдөр палатасындагы эң бай, мультимиллионер конгрессмен. Саясий карьерасына чейин ал өгөй атасынын арак жана шнапс чыгарган компаниясын мурастап алып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу






Политолог Шмелев усомнился в необходимости аналогов магазинов «Березка» в России

В Реутове проходит электронное предварительное голосование

Источник 360.ru: лось застрял в пруду в поселении Марушкинское в Новой Москве

С любовью к Родине: на Международной выставке-форуме “Россия” назвали имена лучших экскурсоводов-волонтеров