Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 25.10.2023

Мамлекеттик туунун эмнеси өзгөрөт?

Azattyk.org 

Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкууланып, мамлекеттик символиканы өзгөртө берүүгө каршы болгондор да арбын.

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Бишкекке келди

Azattyk.org 

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекке келди. Аларды 25-октябрда “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), Көз карандысыз... Читать дальше...

Газа: Ооруканаларда абал оор

Azattyk.org 

Шейшембинин кечинде Газа секторуна гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы жеткирилди. Бирок тилкедеги 2 миллиондон ашуун тургундун абалы, өзгөчө ооруканалардагы эң зарыл нерселердин тартыштыгы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда. Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада “эл аралык гуманитардык мыйзам” бузулуп жатканына көңүл бурду.

Москвадагы муфтият президент Путинге арызданат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуусуз кабыл алды. Жарандык коом талаштуу мыйзамды сүрөгөндөрдү жана алардын жакындарын АКШ, Европа өлкөлөрүнө виза жагынан чектөө сунушун келтирди. Газадагы 2 миллиондон ашуун тургундун абалы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда. Москванын муфтияты мечиттеги окуяга нааразылык билдирди. Бишкекте Исхак Раззаковдун 113 жылдыгы белгиленди.

Кумтөр иши: Айыпталуучулар төккөн акча кайда?

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык иш боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыгып, айып пул салынганы 5-6 айдан кийин гана белгилүү болду. Алар 110 миң сомдон 400 миң сомго чейин айыпка жыгылып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп беришкен. Бирок канча каражат кайтарылганы тууралуу азырынча так маалымат жок. Ал эми иштеги негизги фигурант, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн иши сотко өттү. Үч адамга салынган айып... Читать дальше...

Арменияда кызылча илдетинен бир бала чарчап калды

Azattyk.org 

Арменияда кызылча оорусунан бир жаш сегиз айлык бала чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, кызылчадан эмделбеген бала ооруканада оор абалда түшкөн. Ал башка илдеттер менен да жабыркап жаткан. Арменияда соңку айда кызылча менен ооруган балдардын саны өсүүдө. 25-октябрга карата 471 кишиден аныкталган. Алардын 328и балдар. Төрт киши ооруканада. Кызылчага чалдыккандардын 93% бул илдетке каршы такыр эмделбеген же вакцинанын дозасын толук албагандар экени аныкталды. Читать дальше...

Президент Жапаров тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди. Мамлекет башчы бул тууралуу 25-октябрда “Кабар” улуттук агенттигинине берген маегинде айтты. Ал азыркы туу боюнча коомчулукта “күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер айтылып келгенин” белгилеген. "Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Читать дальше...

"Кайра кол салабы деп кооптоном"

Azattyk.org 

Ошто алты ай мурун мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып, оор абалда ооруканага түшкөн 37 жаштагы келиндин жакындары сот чечимине нааразылык билдирүүдө. Кара-Суу райондук соту айыпталган жаранды "аффект абалында кылмышка барган" деп, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан.



Ош: Бычакталган келиндин жакындары сотко нааразы

Azattyk.org 

Ошто алты ай мурун мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн 37 жаштагы келиндин жакындары сот чечимине нааразылык билдирип чыгышты. Кара-Суу райондук соту айыпталган жаранды "аффект абалында кылмышка барган" деп, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бычакталган келин чет өлкөгө чыгып кеткен. Денесинин он жеринен бычакталган Гулбахар Имарованын ошол маалдагы сүрөттөрүн, аны апасы Рахат Исакова көргөзүп, окуя жөнүндө айтып берди. Ал кезде миграцияда жүргөн эне кызын кошуналары өз учурунда көрүп калып... Читать дальше...

"Кызымдын келечегинен корком". Зомбулук көргөн келиндин жакындары сотко нааразы

Azattyk.org 

Ошто алты ай мурун мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн 37 жаштагы келиндин жакындары сот чечимине нааразылык билдирип чыгышты. Кара-Суу райондук соту айыпталган жаранды "аффект абалында кылмышка барган" деп, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бычакталган келин чет өлкөгө чыгып кеткен. Денесинин он жеринен бычакталган Гулбахар Имарованын ошол маалдагы сүрөттөрүн, аны апасы Рахат Исакова көргөзүп, окуя жөнүндө айтып берди. Ал кезде миграцияда жүргөн эне кызын кошуналары өз учурунда көрүп калып... Читать дальше...

Гутерриш: Согушта карапайым эл корголууга тийиш

Azattyk.org 

Шейшембинин кечинде Газа секторуна гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы жеткирилди. Бирок тилкедеги 2 миллиондон ашуун тургундун абалы, өзгөчө ооруканалардагы эң зарыл нерселердин тартыштыгы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда. Израил тилкеге урулган соккуларын күчөткөнү кабарланды.

Орус парламенти Өзөктүк сыноого тыюу салган келишимди жокко чыгарууну колдоду

Azattyk.org 

Орусиянын парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 25-октябрдагы жыйында Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгаруу сунушун жактырды. Мыйзам долбооруна 156 депутаттын баары колдоп добуш берди. Эми документ президент Владимир Путинге жөнөтүлөт. Парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган мыйзам долбоорду 18-октябрда жактырган. Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен... Читать дальше...

Экономика министрлиги күйүүчү майдын баасы туруктуу деп билдирди

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын жана дизелдин баасы туруктуу экенин билдирди. Министрлик 25-октябрда тараткан билдирүүдө учурда Дүйнөлүк мунай базарында күйүүчү май кымбат болуп жатканы айтылат. “Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияны жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майларга (АИ-92 жана дизель майы) карата баа туруктуу бойдон калууда”... Читать дальше...

"Биринчи каналдагы" талкуу: Армения орус элчисине нота тапшырды

Azattyk.org 

Орусиянын “Биринчи каналындагы” талкууга байланыштуу Москванын Еревандагы элчиси Сергей Копыркин Армениянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Талкууда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын АКШ менен “байланышы” тууралуу сөз болгон. Расмий Ереван билдиргендей, анда “Армениянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн дарегине кабыл алынгыс, беделине доо кетирген пикирлер айтылган”. Элчиге каршылык нотасы тапшырылганы маалым болду. РБК агенттиги белгилегендей... Читать дальше...

АКШда ондогон штаттар Meta компаниясын сотко беришти

Azattyk.org 

Америкада 33 штаттын, анын ичинде Калифорния менен Нью-Йорктун башкы прокурорлору 24-октябрда Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta компаниясын сотко беришти. Прокурорлор компания "балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык түйүндөрдөн чыга албай калгыдай кылып, менталдык саламаттыгына доо кетирген" деп айыпташууда. "Meta жаштарды жана өспүрүмдөрдү тартуу, акыр-аягында азгыруу үчүн эбегейсиз кубаттуу жана мурда болбогондой технологияларды колдонгон. Анын максаты акча табуу гана болгон"... Читать дальше...

Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат

Azattyk.org 

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына катышып жаткан жарандардын саны 300 миңден ашканын билдирди. Анда жалпысынан баасы 9,1 миллиард сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлгөнүн, 8,1 миллион ID-номер ыйгарылганын, алардын ар бири лотереяга катышып жатканын кабарлады. Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон. Кардарларды көзөмөл-кассалык... Читать дальше...

Ташкентте ичимдик сатпаган "халал" ресторандар жабылып жатат

Azattyk.org 

Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин бийлиги соңку жумада кардарларына ичимдик сатпаган он чакты “халал” ресторанды жапты. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу жабылган жайлардын кожоюндарына таянып жазды. Ишкерлердин айтымында, алар спирт ичимдиктерин сата баштаганда гана ресторандарын ачууга уруксат берилери эскертилген. Тинтүү маалында текшерүүчүлөр ресторанды жабууга негиз боло турган документтерди көрсөтө алышкан эмес. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү да жүйөлүү себеп келтире албаган. Читать дальше...

USAID Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча 14,3 млн доллар бөлөт

Azattyk.org 

24-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү менен жыйынга катышты. C5+1 форматындагы аймактык кызматташтыкты күчөтүү боюнча жыйында Пауер АКШ Борбор Азия үчүн кошумча 14,3 миллион доллар бөлө турганын билдирди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, тараптар сооданын көлөмүн көбөйтүү, көмүр кычкыл газынын жайылышын... Читать дальше...

Ли Цяндын Кыргызстандагы расмий сапарында 12 документке кол коюлду

Azattyk.org 

Кытайдын төрагасы Ли Цяндын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында 12 макулдашууга, документке кол коюлду. Документтер: 1. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы; 2. Кыргызстанжын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргызстанжын Санарип өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү... Читать дальше...

Новости России
Москва

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”


Бишкекте Исхак Раззаковдун 113 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

25-октябрда мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүндө Бишкекте аны эскерүү иш-чаралары өттү. «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү эскерүүгө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, маркумдун Лейлектен келген жакындары, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, коомчулук өкүлдөрү катышты. Раззаковдун Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө кошкон салымы, тарыхтагы орду, анын адамдык сапаттары тууралуу сөздөр айтылды. «Албетте, ал киши мамлекеттик ишмер болгон. Читать дальше...

Депутат Алиев курулуш компаниялардын 60% мыйзам бузарын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Медербек Алиев Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайлар көбөйгөнүн айтып чыкты. Ал Бишкектеги курулуштардын сапатын текшерүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиясы менен абалды көрүп чыкканын билдирди. “Биз мыйзамсыз курулуштарга кайдыгер карабашыбыз керек. Буга байланыштуу кылмыш иштер козголуп жатканы менен мыйзамсыз курулуштар токтогон жок. Бардык мыйзамдык талаптарды аткарган компаниялар да жок эмес, бар. Бирок жалпы курулуш компаниялардын 60% мыйзамды көзгө илбей... Читать дальше...

Израилдин армиясы Сириянын аймагына сокку урду

Azattyk.org 

Израилдин Коргонуу армиясы Сирия тараптан жасалган соккуларга жооп катары сириялык аскерлерге караштуу жайларга сокку урду. Бул тууралуу ЦАХАЛ социалдык түйүндөр аркылуу билдирди. Израилдин чабуулу тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары аскерлерге таянып жазды. Маалыматка караганда, андан сегиз сириялык жоокер мүрт кетип, бир нечеси жараат алган. ХАМАС тобу Израилге кол салган 7-октябрдан бери Сирия тараптан бир нече ирет абадан сокку урулганын ЦАХАЛ билдирген. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6,5 миңдей орун берилет

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы келерки жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6,5 миңдей квота берет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин Атабаев 25-октябрда билдирди. Ал 9-ноябрдан тартып 20-ноябрь чейин ажыга барчуларды каттоо башталарын, былтыртан бери 100дөн ашык адам каттоодо турганын айтты. Алар буга чейин миң доллар төлөгөнүн, быйылкы тизмеге кириши үчүн дагы миң доллар төлөшү керектигин эскертти.  Эреже-талапка ылайык, ажылык зыяратка баргысы келгендердин... Читать дальше...

ЖК: Коомдук кеңештерди жоюу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-октябрда мамлекеттик мекемелердин Коомдук кеңештерин жоюу каралган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Буга чейин тармактык комитеттин жыйынында юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов бул институт ашыкча экенин айткан. "Коомдук кеңештердин мүчөлөрү демократиялык шайлоолордо тандалбайт. Бирок ага карабай алар коомдун башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу артыкчылыктуу орунга ээ болуп, чечимдерди кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бул жагдай мамлекеттик органдардын ачыктык, отчеттуулук деген принцибин бузат. Читать дальше...

Быйыл алты айда Кытай Кыргызстанга 102 млн долларлык инвестиция салды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-октябрда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян менен кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрдү. Анда соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим багытында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Акылбек Жапаров 2023-жылдын январь-июнь айларында кытайлык инвесторлор Кыргызстандын экономикасына 102 миллион доллар инвестиция салганын белгиледи. Ал "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения






Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Крым стал одним из основных направлений отдыха для россиян»

Победители рейтинга среди муниципалитетов по развитию некоммерческого сектора названы в Свердловской области