“Ара төрөлгөн Амантурдун апасы абактан чыкты”
Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
22-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет деп таанууга даяр экенин жарыялашты. Мындай чечимди Израил дароо сындаса, газалыктар кубатташты. Газадагы согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көбөйдү. Улуттар Уюмуна мүчө 143 өлкө Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Алардын арасында Кыргызстан да бар.
22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Бул чечимди Израил дароо сындаса, газалыктар кубатташты. Кыргызстан Палестинаны 1995-жылы мамлекет катары тааныган. 18-майга караган түнкү Бишкектеги башаламандыктан кийин кыргыз милициясынын дарегине сын күчөдү. Жогорку Кеңеште ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү. Сузак районунда Кара-Дарыя нугунан ашып, 100 гектардан ашык жерди суу каптады. Суу тосмону жарып, үлүш жерлерди каптады. Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткандар алардын жактоочуларына судья жана күч органдары тарабынан басым болуп жатканын айтып чыгышты.
Иранда президент Эбрахим Раисинин сөөгүн 22-майда жерге беришет. Авиакырсыкта каза болгон президент эмне себептен “Тегерандын касапчысы” деген атка конгон? Дегеле жогорку руханий лидер башында турган Ирандын саясий системасында президент кандай роль ойнойт? Эми өлкөдө саясий күрөш жүрөт деген божомолдор канчалык жүйөлүү?
22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө билдирүү таратышты. Бул кадамды Израил дароо сынга алып, газалыктар кубатташты. Кыргызстан Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.
Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын басымдуусу медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Алардын 5 миңге жакыны Бишкектеги Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинде окуйт. Учурда окуу жай коопсуздуктан улам онлайн окутууга өттү.