Баткен: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2-октябрда Баткенде өткөн жолугушуу тууралуу маалымат берди.
Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган.
Алар мамлекеттик чек ара сызыгы (тилкеси) өткөн жерди баяндап жазып чыгууну улантуу тууралуу тапшырма бергени маалыматта айтылат.
Эки тараптын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтору, топографиялык жумушчу топтору калган бөлүктөрдө долбоордук линияны баяндап жазуу боюнча ишти уланта турганы, сүйлөшүү достук маанайда өткөнү, анда чектеш аймактардагы кызматташтык багытында ишти улантууга басым жасалганы белгиленген.
Өкмөттүн сайтына чыккан кабарда жолугушууда протоколго кол коюлганы айтылган, бирок ал документтин мазмуну тууралуу маалымат жок.
Кездешүү өз ара түшүнүшүү маанайында өттү деген билдирүү менен жыйынтыкталган.
Мындан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менен Согд облустук администрациясы да ушундай эле мазмундагы маалымат таратышкан. Анда да протокол тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Расмий маалымат чыгардан мурда президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукта “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартты” деп жарыялаган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Мындай жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун айткан.
Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.