Кыргызстанда жаштар арасында гепатиттин оор түрлөрүнүн бири жана кургак учук илдети көп катталып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы билдирди. 18-октябрда ал Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, жеке косметологиялык кабинеттер көбөйгөнүн, бирок алардын басымдуу бөлүгүндө санитардык-гигиеналык, медициналык жана лицензиялык талаптар сакталбагандыктан түрдүү жугуштуу оор илдеттер жайылып жатканын белгиледи:
«Жакында студенттик бейтапкананын директору менин жеке кабыл алуумда болгондо жаштар арасында гепатиттин С түрү жана кургак учук көп болуп жатканын белгиледи. Көптөгөн сулуулук салондорунун косметология кабинеттеринде уруксат документи, лицензиясы, тийиштүү билими тууралуу диплому жок. Алар көрсөтүп жаткан сертификаттар легалдуу эмес. Стерилдүү эмес шартта операциялык шаймандар сакталууда. Мастерлер Кытайдан жана Корея республикасынан мыйзамсыз ташылып келген, катталбаган жана сертификациядан өтпөгөн филлерлерди колдонушат».
Депутат мындай жайларда медициналык билими жоктор оор операцияларды жасап жатышканын, Саламаттык сактоо министрлигинде андайларды жабуу укугу жоктугун, бул маселеге көңүл буруу, атайын рейддерди уюштуруу керектигин кошумчалады.
Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрлөрү соңку кезде дээрлик эки эсе көбөйгөнү, болжол менен 150 миңдей адам бул илдет менен ооруп жүргөнү, инфекцияны жугузуп алганын билбегендер көп болгондуктан бул сан мындан кыйла арбын экени айтылууда.
Улуттук фтизиатрия борборунун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учук менен ооруганы алгачкы жолу аныкталган бейтаптар 2022-жылы 4 миңден ашуун адам болгон. Бейтаптардын көбү Чүй облусунда катталды. Бул илдеттен каза тапкандар былтыр 174 бейтап болду (2021-жылы 257). (RK)
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom
Modest fashion day 2024
Первый Международный фестиваль «Мир классического романса»
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона