Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бүгүн, 20-октябрда берген маалыматына караганда, иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди автоунаасы менен сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кармалды.
ЖКККББнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери аны Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришти.
17-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында "Арча Медиа" (Next TV) басылмасынын жана "Соболум бар" долбоорунун автору, журналист Сайпидин Султаналиев мотоскутер менен Садырбаев көчөсүндө бара жаткан учурда, капталынан белгисиз айдоочу авто унаасы менен коюп, окуя болгон жерден кетип калган.
Жабыркаган журналист ооруканага жаткырылган.
"Арча Медианын" редакциясы тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бул окуяны ашыгып сыпаттоо жана саясий мүнөздөмө берүү мүмкүн эместигин билдирүүдө. Ошол эле учурда редакция журналист Сайпидин Султаналиев быйыл он чакты курч материалдарды эфирге чыгарганын жана азыркы учурда да чоң иликтөөнүн үстүнө иштеп жатканын белгиледи.
Редакция укук коргоо органдарын ишти бейтарап жана калыс иликтөөгө, журналистти коюп кеткен айдоочуну таап, жоопкерчиликке тартууга чакырган.
Next TV телеканалы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековго таандык. Саясатчы былтыр Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, камакка алынган. (ZKo)
Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году
Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг
Головная боль и галлюцинации: как защитить организм во время сильной жары
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая