Бүгүн, 28-октябрда болжол менен 300дөй адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын улантышты.
Алар “Палестинага боштондук”, "Кыргынды токтоткула" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, акция өтүп жаткан жерде милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп турат.
Газанын тургундарын колдоо акциясы Бишкекте 21-октябрда да болгон. Анда катышуучулар Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин көтөрүшкөн.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.
ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.
ХАМАС АКШ жана Европа Биримдигинде "террордук уюм" деп таанылган.(KS/ZKo)
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Туле перевозчиков будут штрафовать за высадку из транспорта инвалидов I группы
Храм Преображения Господня в Коммунарке
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Синоптики пообещали москвичам кратковременный дождь и до +27 градусов 15 июня
["Кони привередливые"] "Коней на переправе меняют": Москва развернула нефтяные танкеры у Нью-Дели, наконец проявив решительность, которую не ожидали даже в Вашингтоне. "Дружба-дружбой, а табачок..."
Яд в бульоне. Врач объяснила, из каких съедобных грибов не стоит варить суп
Подберезовики, местами — лисички. Какие грибы собирать в Подмосковье в июне