Кыргызстанда казиного кирген кыргыз жарандарын 2-5 жылга эркинен ажыратуу сунушу даярдалып жатканы бүгүн 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Жыйында "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, долбоор оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө жайгаштырып, топтоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Талкуу учурунда депутат Мирлан Маматалиев мындай жайларга кыргыз жарандарын киргизбөө үчүн да кошумча чаралар көрүлүп жатканын, тийиштүү мыйзам долбоору жакында сунушталарын айтты:
"Казинолор, тотализаторлор баары бир жерде болот. Эгер ал жерге кыргыз жараны кирсе, бир жагынан, ишкердин лицензиясы алынып, өзүнө айыппул салынат, экинчи жагынан, ойногону барган кыргыз жараны 2-5 жылга эркинен ажыратылат. Ошондо бир дагы кыргыз жараны ал жерге кирбей калат эле”, - деди депутат Мирлан Маматалиев.
Кыргызстанда азыр чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. (RK)
«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER
«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
Российский лоукостер запустил рейсы в Анталию из Махачкалы
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала