БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор Тажикстан бийлигин камалган журналисттер менен блогерлерди бошотууга кайрадан чакырды. Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө жазган постунда Лолор Тажикстандын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Жонибек Хикмат менен кездешүүдө Далер Имомали, Абдулло Гурбати жана Ульфатхоним Мамадшоеваны азат кылууга үндөгөнүн жазды. Жолугушуу 24-октябрда Нью-Йоркто өткөн.
“Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, былтыр Тажикстанда сегиз журналист жана блогер 7-12 жылга кесилген. Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Завкибек Саидаминиге тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу айыбы тагылган. Журналисттер жана жакындары күнөөнү четке кагууда. Соттолгондордун айрымдары тергөө абагында кыйноолорго кабылганын айтышат.
Дагы бир журналист Ульфатхоним Мамадшоева 2002-жылы май айында Тоолуу Бадахшанда болгон окуялардан кийин тополоң уюштуруу беренеси менен камалган. Анын тарапкерлери сот иши жок жерден токулган деп эсептешет.
Өткөн айда БУУнун сегиз эксперти камалган журналисттер менен жарандык активисттердин тагдырына камтама билдирген кайрылууга жооп күтүп жатканын айтышкан. Эксперттер кармалгандардын укуктары одоно бузулган деп белгилешкен.
Тажикстандын бийлиги акыркы мезгилде адам укуктары сакталбайт деп БУУнун, Батыштын жана эл аралык уюмдардын сынына кабылып келатат.
«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
Лифтинг — Коги (нити с насечками)
Праздник в детском отделении от Клуба пациентов
Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году
"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
Риелтор Сырцов назвал три безопасных для аллергиков округа Москвы